Sign In
ЕЭК Коллегиясы чочко этин, сүт жана сүт продукциясын өндүрүү тармагында мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды жактырды

ЕЭК Коллегиясы чочко этин, сүт жана сүт продукциясын өндүрүү тармагында мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды жактырды

02.07.19

2-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы макроэкономика, агроөнөр жай комплекси, үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, бажылык жөнгө салуу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рыногунун иштеши маселелерин карап чыкты.

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык комиссиясынын координациясында чочко этин өндүрүү тармагында мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сунуштаманы жактырды. Документ Бирлик өлкөлөрүнүн чочко эти рыногуна 2013–2017-жылдарга карата комплекстүү серептин жана илимдин, бизнестин, чочко багуу бирликтеринин өкүлдөрүнүн сунуштарынын негизинде даярдалган.

Чочко эти, Комиссиянын Кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 66 Чечими менен бекитилген, сезимтал айыл чарба товарларынын тизмегине кирет. Чочко багуу динамикалуу өсүп келе жаткан, экспортко багытталган тармактардын бири болуп саналат. 2013–2017-жылдар аралыгында мал чарбачылыгы тармагында чочко этин өндүрүү көлөмдөрүнүн өсүү темпи куш этин өндүрүүдөн кийин эң жогорку болгон – 19%. 2017-жылда Бирликте 4,1 млн тонна чочко эти өндүрүлгөн, өзүн өзү камсыз кылуу 94,2% түзөт. Ошентип, продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоонун көлөмдөрүн көбөйтүүгө оңтой шарттар түзүлдү.

Тармактагы бир катар маселелер мамлекеттер аралык кызматташтыктын алкагындагы биргелешкен чараларды колдонуунун аркасында чечилиши мүмкүн, жана бул сунуштамада чагылдырылган.
Сунуштамада Бирликтин чочко багуучуларынын ассоциациясын түзүү каралган. Документ тармакты ресурстук камсыз кылуу, анын Бирликтин өлкөлөрүндөгү өндүрүштүк, экспорттук потенциалын өнүктүрүү, алардын аткарылышы өз ара сооданы жана чочко этин экспорттоону стимулдаштырууга, ошондой эле тармактын иштешинин натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде чийки заттын импортунан көз карандылыкты, чочколорду өстүрүүдөгү, аларды союудагы жана чочко этин кайра иштетүүдөгү каражаттарды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген интеграцияланган маалыматтык камсыздоо жаатындагы бир катар чараларды камтыйт.

ЕЭК Коллегиясы Комиссиясынын координациясында Сүт жана сүт продукциясын өндүрүү тармагында мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча чаралардын тизмегин жактырды. Сунуштама Бирликтин өлкөлөрүнүн сүт чарбачылыгы тармагын талдоонун негизинде жана мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан өткөрүлгөн консультациялардын жыйынтыктары боюнча иштелип чыккан.
Сүт жана сүт өнүмдөрү, Комиссиянын Кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 66 Чечими менен бекитилген, сезимтал айыл чарба товарларынын тизмегине кирет.
2013–2017-жылдар ичинде жалпысынан Бирлик боюнча сүттүн дүң саамы 4,2%га жогорулаган – 45,3 млн тоннага чейин, ал эми малдын жалпы саны 0,8%га бир аз гана жогорулаган – 13,9 млн мал башына чейин. Сүт өндүрүшүнүн өсүшү Бирликтин бардык өлкөлөрүндө байкалат. Ошол эле мезгилде Армения, Россия жана Беларуста малдардын саны азайган – тийиштүүлүгүнө жараша, 12%, 8,2% жана 1,3%га. ЕАЭБдин бул өлкөлөрүндө өндүрүштүн өсүшү уйлардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун аркасында жетишилген.

Сүт берүүчү мал чарбачылыкты өнүктүрүү үчүн ЕЭК Бирликтин өлкөлөрүнө тармакты ресурстук камсыздоо, анын өндүрүштүк, экспорттук жана илимий-изилдөөчүлүк потенциалын жогорулатуу чөйрөлөрүндө бир катар чараларды кабыл алууну, сүт берүүчү асыл тукум мал чарбачылыгы тутумун өнүктүрүүгө, жемдерди жана жемге кошулмаларды өндүрүүгө, ошондой эле тармак үчүн ресурстардын импортун алмаштырууга көмөк көрсөтүүнү сунуштайт.
ЕЭК сүт берүүчү мал чарбачылыгына тике инвестицияларды тартууга, эл аралык каржы институттарынын каражаттарын тартуунун аркасында каржылоо мүмкүндүгү менен кооперациялык долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга өбөлгө түзүүнү сунуштайт. Мындан сырткары, рынокто контрафакттык жана жасалма сүт продукциясын жүгүртүүгө каршы күрөшүү максатында чараларды ишке ашыруу сунушталат.

Сунуштаманын жоболорун ишке ашыруу өз ара сооданы жана сүт продукциясынын экспортун стимулдаштырууга, ошондой эле тармактын иштешинин натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде генетикалык материалдын, чийки заттын импортунан көз карандылыкты, сүт берүүчү ири мүйүздүү малды өстүрүүдөгү өндүрүш каражаттарын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык комиссиясынын жана Аргентина Республикасынын Өндүрүш жана эмгек министрлигинин Агроөнөр жай боюнча өкмөттүк катчылыгынын ортосунда агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу жөнүндө Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды.
Документ бир катар багыттар боюнча, анын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык, агроөнөр жайдагы технологиялар трансфери, Аргентина менен маалымат алмашуу, консультацияларды, видеоконференцияларды жана семинарларды өткөрүү аркылуу мал чарбачылыгына инвестицияларды тартуу боюнча өз ара аракеттенүүнү караштырат.
Бул Комиссияга мүчө мамлекеттер менен биргеликте айыл чарба товарлары жана азык-түлүктөр менен соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды айгинелөөгө жана аларды төмөндөтүү жана жоюу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жана Бирликтин агрардык рыногунун натыйжалуулугун жогорулатууга, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык тармактарында мүчө мамлекеттердин мыйзамдык жана ченемдик-укуктук базасын мыктылоого мүмкүндүк берет. Комиссиянын Аргентина менен кызматташтыгы өз ара пайдалуу ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жана Бирликтин өлкөлөрүнө тике инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.
Аргентина Латын Америкасынын өлкөлөрүнүн ичинен агроөнөр жай комплексинин жогорку өнүгүү деңгээли менен айырмаланып турат. Ошол эле учурда республиканын айыл чарбасынын приоритеттүү багыттарына мал чарбачылык, сүт, дан жана май берүүчү өсүмдүктөрдүн өндүрүшүн көбөйтүү кирет.
Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин тышкы соодасында Аргентинанын үлүшү аз, бирок көбүнчө азык-түлүк товарлары жана айыл чарба чийки заты менен соода жүргүзүүнүн көлөмдөрүнүн өсүшүнүн жогорку динамикасы байкалууда. 2018-жылда 2015-жылга салыштырмалуу ун жана акшак өнөр жайынын продукциясын жана алкоголдуу жана алкоголсуз суусундуктарды жеткирүүлөр дээрлик сегиз эсеге, ал эми жаныбарлардан алынган өнүмдөрдүн экспорту үч эседен ашыкка көбөйгөн.