Sign In
Бирликте Евразиялык жөнгө салуучу «кумкоргондордун» моделдерин тандашууда

Бирликте Евразиялык жөнгө салуучу «кумкоргондордун» моделдерин тандашууда

02.07.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аянтчасында ЕЭК Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасяндын төрагалыгы астында мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү жана улуттук санариптик трансформация борборлорунун эксперттери менен жөнгө салуучу «кумкоргондордун» моделдерин талкуулоо боюнча стратегиялык сессия болуп өттү.

«Жөнгө салуучу «кумкоргон» санариптик чечимдерди киргизүүдөн улам келип чыккан реалдуу тобокелдиктерди жана ыктымалдуу зыянды айгинелеши керек болгон укуктук эксперименттин ролун аткарат. Комиссиянын аянтчасында бул үчүн зарыл болгон жөнгө салуучу «кумкоргондордун» типтерин жана моделдерин биргеликте мүмкүн болушунча толук жана так ойлоп чыгуу маанилүү. Алар ачык же жабык болобу, катышуучулар кимдер, жооптуулар ким, иштөө процесси кандайча түзүлгөн, – деди ЕЭК министри Карине Минасян. – Сунуштарды түзүүдө интеграциялык деңгээлде жана Бирликтин өлкөлөрүндө биргелешкен долбоорлордо колдонулушу мүмкүн болгон жумушчу механизмдерге басым жасоо маанилүү».

Учурда бир нече жөнгө салуучу «кумкоргондор» каралууда. Алардын ар бири «кумкоргондо» катышууга өтүнмө берүүдөн тарта, андан чыгууга чейинки дээрлик беш баскычтан турат.

Жөнгө салуучу «кумкоргондордун» атайын укуктук режимдерин колдонуунун аркасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик трансформациясына байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөттөрү кыскарышы мүмкүн, ал эми демилгечилер тарабынан сунушталган долбоорлордун сапаты жогорулайт. Мындай сунуштар Бирликте атайын режимдерди (жөнгө салуучу «кумкоргондорду») колдонуу жөнүндө концепциянын долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшүндө талкууланууда.

«Кумкоргондун» түздөн-түз колдонуучуларынан сырткары, долбоорлорду сыноодо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары, ЕЭК жана долбоорлорду координациялоо боюнча жумушчу топтор катышат деп күтүлүүдө. Жөнгө салуучу «кумкоргонго» бир эле мезгилде бир нече долбоор киргизилиши мүмкүн. Бул алар бирдей болгон учурда, аларды тууралоого мүмкүндүк берет.

Жөнгө салуучу «кумкоргондордун» моделдерин кезектеги талкуулоону ушул жылдын август айында ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөрүү пландаштырылууда.

Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) жөнгө салуучу «кумкоргондорду» колдонуу концепциясынын долбоорун талкуулоодо Е.Т. Гайдар атындагы Экономикалык саясат институтунун, «Астана» Эл аралык борборунун, Стратегиялык иштеп чыгуулар борборунун, «Сбербанк» КАКтын, «Маалыматтык коом» коомдук бирикмесинин, «Талдоо жана баалоо борбору» коомдук фондунун, Беларусь Республикасынын Байланыш жана маалыматташтыруу министрлигинин жана Казакстан Республикасынын Санариптик өнүгүү, коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин эксперттери катышышты.

Маалымат
Жөнгө салуучу «кумкоргон» (англ. Regulatory Sandbox)¬ ¬— кандайдыр бир жаңы тармакта өз ара аракеттенүүнүн эң натыйжалуу моделин аныктоо жана бизнес-процесстерди түзүү үчүн чечимдерди, анын ичинде регулятивдик чечимдерди жөнгө салуу, иштеп чыгуу жана сыноонун атайын укуктук режими. Жөнгө салуучу «кумкоргондорду» санариптик демилгелердин жана долбоорлордун алкагында экономикалык процесстерди жөнгө салуунун механизмдерин жана эрежелерин иштеп чыгуу үчүн колдонуу максатка ылайыктуу.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2018-жылдын 27-ноябрындагы «Евразия экономикалык бирлигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагында атайын режимдерди («жөнгө салуучу курмкоргондорду») колдонуу концепциясын иштеп чыгуу жөнүндө» тескемеси.