Sign In
Евразия экономикалык бирлигинин түзүлүшүнө арналган почта энбелгилери чыгарылган

Евразия экономикалык бирлигинин түзүлүшүнө арналган почта энбелгилери чыгарылган

01.06.15

29-майда Бурабай кыштагында (Казакстан) Евразия мамлекеттер аралык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) түзүлүшүнө арналган энбелгилерди салтанаттуу өчүрүү аземи болду. Юбилейлик энбелгилер ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын почта мекемелери тарабынан бир убакта чыгарылган.

Уникалдуу эскиздер боюнча жаралган энбелгилерди көркөм жасалгалоодо улуттук колорит менен бир катарда чектеш Евразия мамлекеттеринин интеграциялык жакындашуу идеясы, элдерибиздин достугу жана ынтымагы чагылдырылган.

Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын почталары чыгарган энбелгилер чапталган конверттер Евразия мамлекеттер аралык кеңешинин отурумунан кийин беш Евразия мамлекетинин Өкмөт башчылары тарабынан өчүрүлүп, кол коюлган.