Sign In
Евразия экономикалык комиссиясы 2014-жылкы ишинин жыйынтыктары жана 2015-жылга пландарын жарыялады.

Евразия экономикалык комиссиясы 2014-жылкы ишинин жыйынтыктары жана 2015-жылга пландарын жарыялады.

asf
02.06.15

Евразия экономикалык комиссиясы 2014-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу жылдык баяндамасын жана 2015-жылга пландарын жарыялады. 

«Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн өзөктүү жыйынтыгы – Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын 2014-жылдын май айында­ Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) тууралуу Келишимге кол койгондугу, ага кийинчерээк дагы эки өлкө – Армения жана Кыргызстан кошулду», – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко билдирди.

Виктор Христенконун айтымында, ЕАЭБ – таптакыр өзгөчө чөлкөмдүк бирикме. Анын башкы өзгөчөлүгү – катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык жана ресурстук потенциалы. «Дүйнөлүк экономикалык архитектуранын эриш-аркактуу бөлүгү болуу менен, Бирлик ички таасирлүү өзгөрүүлөргө да, үчүнчү өлкөлөр, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен конструктивдүү диалог курууга да багытталган», – деп Виктор Христенко баса белгиледи.

Азыркы учурда ЕАЭБ менен эркин соода аймактарын (ЭСА) түзүүгө 40тай өлкө кызыгуусун билдирди. Ошентип, 2015-жылдын 29-майында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары Вьетнам менен эркин соода тууралуу макулдашууга кол коюшту. ЭСА түзүү соода агымдарын олуттуу жогорулатууга гана жол бербейт. Макулдашуунун дагы бир мааниси - ал милдеттенмелеринин камтуусу жана тереңдиги боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн соода келишимдери үчүн сапаттын жаңы стандартын түзөт. Ошондой эле ЕАЭБ менен ЭСА түзүүгө кызыгуусун Израиль, Египет, Индия ж.б. билдирди.

Жылдык баяндамада белгиленгендей, Комиссиянын 2014-жылдагы ишинин негизги топтому, Бирлик мамлекеттеринин Евразия интеграциялык бирикмесинин алкагында экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү боюнча позицияларын эриш-аркак келтирүүдө болду.

Союздун өлкөлөрү ЕЭК менен бирдикте коюлган максаттарга - төрт «эркиндиктин» негизинде бирдиктүү базар түзүүгө жигердүү жылышты: товарлардын, кызматтардын, капитал жана жумушчу күчүнүн кыймылдоосунун "эркиндигине". Кызмат көрсөтүү, өнөр жай, айыл чарбасы, унаа, энергетика жана бажы жөнгө салуусу сыяктуу экономиканын өзөктүү секторлорунда макулдашылган саясаттарды түзүү тууралуу макулдашуулар маанилүү кадамдар болуп калды.

Өткөн жыл интеграцияны кеңейтүү жаатында кыйла жемиштүү болду – 2014-жылдын октябрында 2015-жылдын 2-январынан баштап Бирликке Армения Республикасын, 2014-жылдын декабрында – Кыргызстанды кошуу тууралуу келишимге кол коюлган. Жакынкы убакта Кыргызстандын ЕАЭБга кошулушу тууралуу документтердин баары катышуучу өлкөлөр тарабынан ратификацияланышы керек. Жылдык баяндамада интеграциялык бирикмеге жаңы мүчөлөрдү кошуу үчүн кандай иштер жасалганы тууралуу түшүнүк берилген.

Ошондой эле жыйнактан өз ара соодага жолтоо болуп жаткан алып салууларды жана чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча иштердин натыйжалары тууралуу билсе болот.

Өзүнүн баяндамасында Комиссия ЕАЭБ базарында атаандаштык шарттарын теңдештирүү, Бирликке кирген өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүн коргоо, үчүнчү өлкөлөрдүн базарларына жеткини кеңейтүү жана өзөктүү өнөктөр менен соода режимдерин өнүктүрүү, кызмат жана инвестициялардын бирдиктүү базарын түзүү, ишкерликти өнүктүрүү, жалпы эмгек базарын түзүү үчүн чечилген маселелерди мүмкүн болушунча жиликтеп чагылдырууга, ошондой эле кайсы техникалык регламенттер кабыл алынганы, күчүнө киргени же иштелип чыгып жатканы, өнөр жай субсидиялары жана валюта саясатындагы ж.у.с. өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берүүгө аракет кылган.

Атап айтканда, өткөн жыл ичинде мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги ориентирлери жана экономикалык өнүгүүсүнүн багыттары иштелип чыккан, алар макроэкономикалык туруктуулук жана экономикалык өсүү калыбына келтирүү үчүн шарт түзүшү керек.

2014-жылы Комиссия ЕАЭБнин Бажы кодексин түзүү боюнча иш баштаган, анда жаңы турмуш шарттары, анын ичинде электрондук документ жүргүзүүгө өтүү да эске алынып, ал бажыда жол-жоболоштурууга зарыл документтердин убактысын жана санын кыскартууга жол бермекчи.

Жылдын эң маанилүү жыйынтыктарынын ичинде – ЕАЭБ мүчө мамлекеттери 2016-жылдын 1-январынан тарта иштей башташы керек болгон дары каражаттары менен медициналык буюмдардын жалпы базарын түзүү тууралуу чечим кабыл алганы.

ЕЭКтин ишмердүүлүгүнүн эң маанилүү багыттарынын биринде олуттуу жылыш жетишилди – бул жалпы эмгек базарын түзүү. Комиссия ЕАЭБ тууралуу Келишимге тиешелүү бөлүм жана ага тиркемени долбоорлоп бүтүп, Тараптар менен макулдашылды. Документ күчүнө киргенден баштап жалдоочу эмгекчилердин билими тууралуу документтерди эч кандай кошумча жол-жоболорду өткөрбөстөн эле тааныйт. Мүчө мамлекеттердин эмгекчилери атуулдук-укуктук келишим боюнча иштөөгө, ошондой эле акысыз медициналык кызматтардан жана социалдык камсыздандыруу кызматтарынан колдонууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындан тышкары, азыр Пенсиялык камсыздандыруу жаатында кызматташуу тууралуу келишимдин үстүндө иш жүрүп жатат. Ал Бирликке башка мүчө мамлекетте топтолгон эмгек стажын кошуп эсептөө жана пенсияларды экспорттоо маселесин чечүүгө арналган.

ЕАЭБ тууралуу келишимде кызматтардын жалпы базарын түзүү да каралат, аларды либералдаштыруу баскыч-баскыч менен өтмөкчү. 2015-жылдын 1-январынан тарта бирдиктүү базарды түзгөн 43 кызмат секторунан турган тизме күчүнө кирди.

Адилет атаандаштыкка көмөк кылуу максатында Комиссия ички базарды коргоонун негиздүү жана тиешелүү чараларын колдонуу жана үчүнчү өлкөлөрдөн чыккан соода өнөктөрүнүн атаандаштыкка каршы тажрыйбалары менен күрөшүү боюнча ишти узартат. Өткөн жылы жети демпингге каршы изилдөө козголуп, ошондой эле ЕАЭБ аймагында мындай товарлардын жүгүртүлүшүнө жана аларды ташып кирүү же өндүрүүгө натыйжалуу көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандай жеңил өнөр жай өндүрүмүнө энбелги салуу системин түзүүнүн үстүндө иш башталды.

Энергетика чөйрөсүндө 2014-жылы ЕАЭБтин жалпы электр энергетика базарын түзүү концепциясы иштелип чыккан, ал 2019-жылы толук кандуу иштеп баштамакчы. Бул чара катышуучу өлкөлөрдүн улуттук экономикалардын өнүгүшүнө, энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатууга өбөлгө болмокчу.

«Бирликке мүчө мамлекеттер менен өз ара аракеттешип ЕАЭБ тууралуу келишимге кол коюуга шарт түзүү менен Евразия экономикалык комиссиясы анын беренелерин турмушка толук түрдө ашырууга ниеттенет, – деп Виктор Христенко белгиледи. – Биз мүчө мамлекеттердин калкынын жашоо шартын жогорулатуунун кызыкчылыгында экономикаларынын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүүгө багытталган маселелерди ырааттуулук менен ишке ашырууну улантуудабыз».

Маалымат:

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК), Евразия экономикалык бирлигинин туруктуу иштөөчү мамлекеттен жогорку жөнгө салуу органы, 2012-жылдын 2-февралында ишин баштаган. Азыркы учурда ЕЭКке төрт өлкөнүн өкүлдөрү кирет: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын. Комиссиянын чечимдери ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин алкагында аткарууга милдеттүү.

2014-жылдын 29-майында Беларусь, Казакстан жана Россия Евразия экономикалык бирлигин (ЕАЭБ) тууралуу келишимге кол коюшкан, ага кийинчерээк Армения менен Кыргызстан кошулган. Бирликтин алкагында товарлардын, кызматтардын, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы, ошондой эле экономиканын ар кайсы тармактарында координацияланган, макулдашылган же бирдиктүү саясат жүргүзүү камсыз кылынат. ЕАЭБ максаты – мүчө мамлекеттеринин калкынын жашоо шартын жогорулатуунун кызыкчылыгында экономикаларынын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүү, глобалдык экономика шарттарында улуттук экономикаларды ар тараптуу жаңылоо, кооперация жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. ЕАЭБ Бажы бирлигинин (ББ) жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин (БЭМ) негизинде түзүлгөн.

Бажы бирлиги (ББ) 2011-жылдын 1-июлунда толук кандуу иштей баштаган. Ал, биринчи кезекте, товарлардын эркин кыймылдоосун камсыздаган. Мында, үч өлкөнүн (Беларустун, Казакстан жана Россиянын) аймагында бирдиктүү Бажы кодексинин ченемдери колдонулат, Бирдиктүү бажы тарифи, техникалык жөнгө салуу жаатында ички базардын коргоо тутумдары, бирдиктүү укук талаасы өкүм сүрөт.

ББ түзгөндөн кийинки кадам – 2012-жылдын 1-январынан тарта Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти (БЭМ) ишке киргизүү. Бул баскычта иштөөнүн негизи болуп 17 базалык Макулдашуу болуп калды, алар үч өлкөнүн интеграциялык долбоордун алкагында, анын ичинде кызмат, капитал жана жумушчу күч эркин жылышы маселелери боюнча иштешүүсүн кеңейтет. Экономиканын эң маанилүү чөйрөлөрүндө макулдашылган саясаттарды түзүү башталды.

Интеграцияны тереңдетүү менен, биз 2015-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык бирлигин (ЕАЭБ)  түзүүгө келип жеттик. Бул баскычта товарлардын, кызматтардын, капитал жана жумушчу күчүнүн бирдиктүү базарын түзүү аяктайт, бирдиктүү эрежелер жана жол-жоболор курулуп бүтөт, мүчө мамлекеттердин макулдашылган саясаттар талаасы түзүлөт, ал эми Евразия экономикалык бирлиги эл аралык укук субъекттүүлүгүнө ээ болот.