Sign In
ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары

IMG_4597.jpg
02.02.21

29-январда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" Бирликтин техникалык регламенттин (ЕАЭБ ТР 048/2019) күчүнө кирүү мөөнөтүн 2022-жылдын 1-сентябрына жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул россиялык тараптын демилгеси болду.


Аталган мөөнөт өндүрүүчүлөргө бирдиктүү техникалык регламенттин талаптарына акырындык менен өтүү үчүн кошумча убакыт берүү максатында кийинкиге жылдырылды. Ошондой эле, чечим ишкердик климатты нормалдаштырууга жана жаңы коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу чектөөлөр баскычтар боюнча жоюлуп жаткан шарттарда бизнестин ишмердигин калыбына келтирүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү зарылчылыгын караштырат.


ЕЭК Кеңеши
геологиялык чалгындоо үчүн колдонулган деңиз кемелеринин айрым түрлөрүн бажы алымдарын жана салыктарды төлөөсүз убактылуу алып келүүгө уруксат берди. 

Бул Россия Федерациясынын демилгеси болду.

 

ЕЭК Кеңеши 29-январда алюминийди өндүрүүдө электролиттин компоненти катары колдонулган алюминий фторидине карата нөлдүк импорттук алымдын аракеттенүү мөөнөтүн узартты.


Аталган чара 2023-жылдын 31-декабрына чейин аракеттенмекчи. Мындан сырткары, плавик шпатына карата алып келүү бажы алымынын коюмун нөлгө түшүрүүгө байланыштуу маселени кароо аягына чыкты.

Комиссиянын Кеңешинин 2019-жылдын 20-сентябрындагы № 109 чечимине тийиштүү түзөтүүлөр кыска мөөнөттүү бургулоо мезгили менен кеңдиктерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк кемелерди кыска мөөнөттүү фрахттоо рыногун кеңейтүүгө жана жаңы региондордо геологиялык чалгындоолорду жүргүзүүнү демилгелөөгө багытталган.​