Sign In
ЕАЭБ жана Сингапур Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюшту

ЕАЭБ жана Сингапур Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюшту

IMG06348[1].jpg
02.10.19

1-октябрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Сингапур Республикасынын ортосундагы баарын камтыган соода бүтүмүнүн пакетиндеги алгачкы макулдашууларга кол коюлду. Документтерге Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Бирликтин өлкөлөрүнүн вице-премьерлери, ошондой эле Сингапурдун ага министри, социалдык жана экономикалык өнүгүү маселелери боюнча министр-координатор Тарман Шанмугаратнам кол коюшту.

Сингапур менен макулдашууларга кол коюлушу жөнүндө айтып жатып, Тигран Саркисян Бирликтин бүткүл Азия-Тынч океан регионундагы соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн алардын мааниси чоң экендигин баса белгилеп өттү.

«Биз эл аралык күн тартибибизди ишке ашырууда жаңы мамилелерди иштеп чыгуудабыз, – деп Тигран Саркисян баса белгиледи. – Алардын негизи – биздин үчүнчү өлкөлөр менен келишкендиктерибизге инвестицияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тартуу менен, Комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейткендигибиз болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул маселелер улуттук деңгээлде турат. Биздин жалпы рыногубуздагы шарттар биздин өнөктөштөрүбүз үчүн, Сингапур үчүн жагымдуу болушу үчүн бул шарттар Бирликтин жалпы мамилесине шайкеш келиши зарыл».

Бул Сингапур менен тажрыйбаны башка өлкөлөргө жайылтуу өтө маанилүү. «Атап айтканда, биз Израиль менен сүйлөшүүлөрдү алып баруудабыз, – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. – Жана биздин израилдик кесиптештерибиз алар менен биргеликте иштелип чыгып жаткан келишим комплекстүү болушун сунуш кылышты, маек тарифтер жөнүндө гана эмес, башкача айтканда, товарлардын эркин кыймылы жөнүндө гана эмес, инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүн өзүнө камтышын сунуш кылышты. Дал Сингапур менен ишке ашырылып жаткан формула боюнча. Сингапур – мыкты үлгү, биз бул иш-тажрыйбаны колдонушубуз зарыл».

Товарлар менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашууда Сингапурдун ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык товарлары үчүн алымсыз кирүүнү камсыз кылышы каралган. Өз кезегинде, Евразия экономикалык бирлигинин милдеттенмелерине макулдашуу күчүнө киргенден кийин жалпы товардык номенклатуранын 40% түзгөн сингапур товарлары үчүн алымсыз кирүүнү камсыз кылуу кирет. Үч жылдан он жылга чейинки бардык өткөөл мезгилдер аяктагандан кийин ал 87% чейин көтөрүлмөкчү.

«Жалпысынан Сингапур импорттолуп жаткан товарларга карата алып келүү бажы алымдарынын натыйжалуу коюмдарын колдонбогону менен, мындай милдеттенмелер ЕАЭБдин жеткирүүчүлөрүн Сингапурдун бажылык-тарифтик саясатында келечекте болушу мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдөн коргойт. Атап айтканда, Сингапур, өзүнүн БСУдагы укуктарына ылайык, айыл чарба продукциясына карата алып келүү бажы алымынын коюмдарын 10% чейин, ал эми өнөр жай продукциясына – 5%, 6,5% же 10% чейин көтөрүшү мүмкүн. Мындан сырткары, бүткүл номенклатуранын тарифтик линияларынын 28% карата бажы алымдарынын коюмдары Сингапур үчүн «байланыштуу» болуп саналбайт, демек, каалаган деңгээлге чейин көтөрүлүшү мүмкүн, мисалы, чектөөчү 100% чейин же андан да жогору», – деп ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина макулдашууда бекитилген тарифтик келишкендиктерге түшүндүрмө берди.

Тарифтик милдеттенмелерден сырткары, макулдашууда тышкы соода ишмердигин ишке ашыруу, импорт жана коммерциялык жүгүртүүгө байланыштуу бардык учурларда Бирликтин өлкөлөрүнүн товарларын Сингапурда өндүрүлгөн (улуттук режим) жана Сингапурга алар менен эркин соода режими орнотулбаган үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолуучу (көбүрөөк жагымдуулук режими) товарларга карата басмырлабоонун негизги принциптеринин аткарууга укуктук кепилдиктер да аныкталат.

Ошондой эле, Макулдашууда лицензиялоо жол-жоболорун; тыюу салууларды жана сандык чектөөлөрдү; техникалык жөнгө салууну жана санитардык жана фитосанитардык чараларды; продукцияны жеткирүү үчүн акча которууларды жана төлөмдөрдү жасоо; «чек арадагы» жол-жоболордон өтүү менен байланыштуу жыйымдарды; демпингге каршы, компенсациялык жана атайын коргоо чараларын колдонуу боюнча эл аралык стандарттарды аткаруу боюнча милдеттенмелер бекитилген.

Макулдашууда товарлар менен соода жүргүзүү жаатындагы классикалык келишкендиктер менен катар, электрондук соода, экология, атаандаштыкка каршы иш-тажрыйбаларга каршы күрөшүү, мамлекеттик сатып алуулардын транспаренттүүлүгү, интеллектуалдык менчик объектилерине карата укуктарды коргоо сыяктуу чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын сапатын жогорулатуу жана аны өнүктүрүү каралган, ал эми бул технологиялар трансфери маселелерин талкуулоодо өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

«Биз бүгүн кол коюлган макулдашуулардан жана Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия менен кол коюу каралган, кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүү жана инвестициялар жөнүндө эки тараптуу төрт макулдашуудан турган келишкендиктердин жалпы пакетин бир бүтүн катары көрөбүз. Ушул негизде, бүткүл пакет синхрондуу түрдө күчүнө кирет, ал эми баарын камтыган эркин соода режими бир мезгилде иштеп баштайт деп күтүлүүдө», – деп Вероника Никишина жыйынтыктады.​