Sign In
ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары болуп Елена Валента дайындалды

ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары болуп Елена Валента дайындалды

01.12.20
Елена Александровна Валента 1978-жылдын 8-январында Минскте төрөлгөн.

Белорус мамлекеттик экономикалык университетин жана Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолун 2002-жылы Беларусь Республикасынын Экономика министрлигинин Мамлекеттик мүлк фондунда баштаган. 2003-жылдын март айынан 2020-жылдын ноябрына чейин Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеп, ал жерде стратегиялык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адисинен анын башчысына чейинки жолду басып өткөн.

2020-жылдын 1-декабрынан тарта ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.​