Евразия экономикалык
комиссиясынын Кеңеши 1-октябрда өткөрүлгөн отурумунда Евразия экономикалык
бирлигинин мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2020–2021-жылдарга
карата негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын
бекитти.
План үч багытты камтыйт: макроэкономикалык туруктуулукту сактоо,
инвестициялардын өсүшү жана Бирликтин илимий-технологиялык жана өндүрүштүк
потенциалын өнүктүрүү үчүн чаралар, ошондой эле экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү
кеңейтүү жана өз ара сооданы активдештирүү.
Планга киргизилген иш-чаралардын ишке ашырылышы мамлекеттерде баалардын
стабилдүүлүгүн сактоого, жумуш орундарын сактоого жана калктын кирешелерин
көбөйтүүгө жардам берет, ошондой эле коронавирустук инфекциянын таралышынан
улам экономикалык кесепеттерди жумшартууга өбөлгө түзөт.