Казакстан Республикасынын Президенти
Касым-Жомарт Токаев Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисянды
Достук ордени менен сыйлады.
Достук ордени (орден Достык) –
Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы.
Жарандар бул орден менен коомдогу өз ара
макулдукту сактоо боюнча үзүрлүү иши, элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту
жана кызматташтыкты бекемдөөдөгү сиңирген эмгеги үчүн сыйланышат.