Sign In
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ жөнүндө келишимге товарларды экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды алуу жана алардын төлөнүшүн контролдоо боюнча өзгөртүүлөрдү жактырды

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ жөнүндө келишимге товарларды экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды алуу жана алардын төлөнүшүн контролдоо боюнча өзгөртүүлөрдү жактырды

01.10.19

30-сентябрда Ереванда (Армения) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБдин ички рыногунун иши, интеграция, бажылык-тарифтик жана техникалык жөнгө салуу, эл аралык соода-экономикалык кызматташтык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, салык саясаты чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.

ЕЭК Кеңеши Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, иштерди аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартиби жана алардын төлөнүшүн контролдоо механизми жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жактырды (ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 18 тиркеме).

 

Түзөтүүлөрдө бир мүчө мамлекеттин аймагынан анын чек арасы Бирликтин бажы чек арасынын участокторуна толук же жарым-жартылай туура келген, Россияда 2016-жылдын 1-июлуна карата иштеп жаткан эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зонанын аймагына импорттолгон товарлар боюнча кошумча нарк салыгын (КНС) мөөнөтүн 180 календардык күнгө кийинкиге калтыруу менен төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.

 

Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү Бирликтин жана ЕАЭБдин мүчөлүгүнө кирбеген мамлекеттердин товарларына карата КНСти алуунун бирдей шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл.

 

Документ мамлекеттик ички макулдашуу жол-жоболорун аткаруу үчүн Бирликтин өлкөлөрүнө жөнөтүлмөкчү.

 

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюунун жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте ички рынокто 56 тоскоолдукту аныктады жана 37 тоскоолдукту жойду, алардын ичинен сегизи – 2019-жылдын башында пайда болгондор.

 

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана ЕАЭБ ББТга кездемелердин айрым түрлөрүнө карата өзгөртүүлөрдү киргизди. Кездемелердин бул түрлөрүнө убактылуу негизде – 2021-жылдын 31-декабрына чейин бажы алымы 10%дан 0%га төмөндөтүлдү. Мындай чечим Россиянын демилгесин кароонун натыйжасында кабыл алынды. Аны ишке ашыруунун жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тигүү ишканаларын колдоо жана алардын кийинки өнүгүшү камсыз кылынмакчы. Чыгарылган продукцияга суроо-талаптын туруктуулугуна жана экономикалык абалына жараша ишканалар өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуунун алар үчүн ыңгайлуу болгон аспаптарын колдонушат. Мисалы, бошогон акча каражаттарын продукциянын кошумча көлөмдөрүн чыгарууга, өндүрүштү сактоого жана өнүктүрүүгө, анын рентабелдүүлүгүн жогорулатууга, кошумча киреше алууга ж.б. жумшоо.

 

ЕЭК Кеңеши, Беларустун сунушун кароонун натыйжалары боюнча, ичинен күймө кыймылдаткычтардын айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмунун аракеттенүү мөөнөтүн 2021-жылдын 31-декабрына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Кеп ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8704 товардык позициясындагы мотордуу транспорт каражаттарын чогултуу үчүн кыймылдаткычтын цилиндрлеринин жумушчу көлөмү кеминде 18 500 см3, кубаттуулугу 500 кВт кем эмес болгон, кысуудан от алуучу поршендик кыймылдаткычтар жөнүндө жүрүп жатат (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 8408 20 990 4). Мындай чара БелАЗ карьердик техникасынын керектөөчүлөрүнө учурда алардын аналогдору Бирликте чыгарылбай жаткан импорттук кыймылдаткычтардын арзандашынын эсебинен Бирликтин ички рыногунда самосвалдарды кыйла төмөн баада сатып алууга мүмкүндүк берет.​