Sign In
«Биз силерди интеграция идеясынын шарына батасыңар деп үмүттөнөбүз»: Тигран Саркисян Евразиялык интеграциянын эл аралык мектебин ачты

«Биз силерди интеграция идеясынын шарына батасыңар деп үмүттөнөбүз»: Тигран Саркисян Евразиялык интеграциянын эл аралык мектебин ачты

01.10.18
«Евразиялык интеграция темасы жаш муундар үчүн улам перспективдүү болуп бара жатат. Силердин интеграция идеясынын шарына батканыңар ушул жуманын жыйынтыгы болуп калаарына үмүттөнөбүз», – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 1-октябрда Москвада, ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия интеграциясынын эл аралык мектебинин ачылыш аземинде.  

Бул жылдагы мектептин темасы – «Евразия экономикалык бирлиги: экономиканын келечек контурлары». Окутуу 1 – 5-октябрда өткөрүлөт. Армениянын, Беларустун, Казактандын, Кыргызстандын жана Россиянын эксперттик коомдоштугунун, мамлекеттик органдарынын жана бизнес өкүлдөрү, Тигран Саркисяндын айтымында, «Бирлик жөнүндө өтө толук маалыматты түздөн-түз алышат». Алган билимдеринин негизинде мектептин катышуучулары евразиялык интеграцияны андан ары өнүктүрүү боюнча өз көз караштарын иштеп чыгып, аны Комиссияга жана Эл аралык иштер боюнча Россия кеңешине (ЭИРК) сунуш кылышат. Мыкты сунуштар ЕЭКтин практикалык ишинде колдонулушу мүмкүн.

Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы сабактардын жүрүшүндө көтөрүлө турган өзөктүү темаларды белгилеп өттү. Катышуучулар Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө толук баалуу маалымат алышат: түзүлүү тарыхынан тартып азыркы абалына чейин угуп, өнүгүү перспективалары, ошондой эле ЕАЭБдин бизнес үчүн ачкан мүмкүнчүлүктөрү, Бирлик мамлекеттеринин жарандарынын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган интеграциянын натыйжалары менен таанышып чыгышат. Бирлик тушуккан көгөйлөр, ошондой эле болгон тобокелдиктер менен коркунучтар да четте калбайт. ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнө, атап айтканда өзгөрүлүп турган дүйнөлүк архитектурадагы евразиялык интеграциянын ролуна жана ордуна өзгөчө көңүл бурулат.

 Мектеп төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Аянтча ЕАЭБ органдарында кайсы өлкө төрагалык кылып жатканына жараша болот.  «Үстүдөгү жылы – Россия Федерациясынын болуп жатканы бул өтө символикалуу, – деп айтты ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы, – анткени россиянын төрагалык кылуусунун алкагында социалдык-гуманитардык тармакты өнүктүрүүгө басым жасалган».

Тигран Саркисян Бирлик активдүү жогорку кесипкөй кадрларга муктаж экендигин, алар интеграциялык процесстердин кыймылдаткычы болушаарын баса белгилеп өттү. «Биз өзүбүз үчүн маанилүү деген максатты – евразиялык элитаны калыптандырууну белгилеп алганбыз. Ошон үчүн бул мектепти сиздер үчүн түзүп берүүнү чечкенбиз», – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. 

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министри) Татьяна Валовая ЕЭК Евразия өнүктүрүү банкы, А.М. Горчаков атындагы айкын дипломатияга колдоо көрсөтүү фонду, Эл аралык иштер боюнча Россия кеңеши менен өнөктөштүктө өткөрүп жаткан бул мектеп бара-бара салтка айланарын белгилей кетти. «Кийинки жылы биз евразиялык интеграциялык долбоордун 25 жылдыгын белгилейбиз. Биз баарыдын мурда жаштардын чоң муктаждыктары бар экендигин көрүүдөбүз, – бул евразиялык экономикалык интеграция бүгүн эмнени түшүндүрүп тургандыгы жөнүндө толук айтып турат. Жана бизге кери байланышта болуу өтө зарыл – биз ЕАЭБди жаш муундар үчүн жасап жатабыз, ошондуктан биз алардын күтүүлөрүн көрүп, кеңештерди жана сунуштамаларды алып турушубуз керек. Алар бул интеграциялык долбоордун байкоочуларынан эмес, активдүү катышуучуларынан болууга тийиш», – деп билдирди ал.

«Евразиялык  интеграцияны бекемдөө – бул заманбап эл аралык өнүгүүнүн маанилүү милдеттерин чечүүнүн жолу. «Жол картаны» иштеп чыгууда саясат, соода жана финансы жаатындагы эксперттерсиз иш болбойт», -деп эсептейт ЭИРКнын вице-президенти Глеб Ивашенцов.

А.М. Горчаков атындагы айкын дипломатияга колдоо көрсөтүү фондунун аткаруучу директорунун пикири боюнча, мектептин уюштуруучуларынын алдында «евразиялык интеграциянын ийгилигинин таржымалын көрсөтүү» деген кызыктуу жана чыгармачыл милдет турат. А.М. Горчаков атындагы фонд Евразиялык интеграциянын эл аралык мектебине ар жылдык негизде колдоо көрсөтүп туруу чечимин кабыл алды.

ЕЭК эксперттик, илимий жана медиа коомдоштуктарынын арасында Комиссиянын ишмердигин даңазалоо максатында окутуучу программаларды такай өткөрүп турат. Азыркы мектеп төртүнчү болуп саналат. Долбоор эксперттик чөйрөдө евразиялык экономикалык интеграция процесстерин түшүнүүнү кеңейтүүгө, ЕЭКтин эксперттик жана медиа-коомдоштуктары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга багытталган.