Sign In
Астанада Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба жана токой чарба тракторлоруна техникалык регламентти колдонууну талкуулашты

Астанада Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба жана токой чарба тракторлоруна техникалык регламентти колдонууну талкуулашты

01.09.16

Астанада “Казакстан стандартташтыруу жана сертификаттоо институту” республикалык мамлекеттик ишканасынын аянтчасында семинар болуп өтүп, анда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү Евразия экономикалык биримдигинин “Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана аларга чиркегичтердин коопсуздугу жөнүндө” техрегламентин колдонуунун практикалык аспектилери жөнүндө айтып беришти.

Семинар ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков тарабынан бекитилген “Евразия экономикалык биримдигиндеги техникалык жөнгө салуу системасы” типтүү программасын жүзөгө ашыруунун алкагында өткөрүлгөн. Анын максаты - техникалык жөнгө салуу жаатындагы персоналды даярдоо жана кайра даярдоо, ошондой эле Биримдиктин техникалык регламенттерин жүзөгө ашыруунун жана тажрыйбада колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Астанадагы иш чарага Казакстандын ыйгарым укуктуу органдарынын, бизнес-коомчулуктун жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын өкүлдөрү катышышты.

Семинардын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен Казакстан Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин Төрагасынын орун басары Галымжан Дугалов

кайрылды.

Комиссиянын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин өкүлү Владимир Школин Биримдиктин айыл чарба жана токой чарба тракторлору боюнча техрегламентинин негизги жоболору жөнүндө айтып берди.

Иш чарада Беларустун аталган техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү, өткөөл мезгилдерди киргизүү боюнча сунуштары талкууланды.  Мындан тышкары, Биримдикте техникалык жөнгө салуу системаларын түзүү, продукциянын шайкештигин баалоо, тракторлорго, айыл чарба жана токой чарба машиналарына жана техниканын башка түрлөрүнө карата өлчөөлөрүнүн бирдиктүүлүгүн стандартташтыруу жана камсыздоо маселелери каралды. 

ЕАЭБде өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасына байланыштуу маселелер өзүнчө талкууланды. Электрондук паспортторду жол-жоболоштуруу Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө 2018-жылдын 1-июлунда башталат.

Владимир Школин семинарлардын 

Казакстан стандартташтыруу жана сертификаттоо институтунда - Казакстан Республикасында маалыматтык саясат жүргүзгөн жана бизнес-коомчулукка методологиялык колдоо көрсөткөн алдыңкы институтта өтүп жатышынын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.  

Маалымат:

Евразия экономикалык биримдигинин “Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана аларга чиркегичтердин коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти Евразия экономикалык комиссиясынын 2012-жылдын 20-июлундагы № 60 чечими менен кабыл алынган. 2015-жылдын 15-февралында күчүнө кирген. Техрегламенттин жооптуу иштеп чыгуучусу - Беларусь Республикасы.