Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия Биримдик мамлекети жана Беларустун мамлекеттик катчысы Григорий Рапота менен евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулады

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия Биримдик мамлекети жана Беларустун мамлекеттик катчысы Григорий Рапота менен евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулады

01.09.16

31-августта Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия Биримдик мамлекетинин жана Беларустун мамлекеттик катчысы Григорий Рапота менен жолугушту.

Тараптар өз ара кызыкчылыктарды чагылдырган кеңири спектрдеги суроолорду талкуулашты.

Тигран Саркисян Комиссиянын негизги приоритеттеринин бири тышкы багыттарда иштөө болуп саналарын баса белгиледи. “ЕЭК жылдын башында Казакстандын Президенти Нурсултан Абишевич Назарбаев тарабынан белгиленген жана биздин Биримдиктин башка өлкөлөрүнүн Президенттери тарабынан колдоого алынган милдеттерди аткарууда. 2016-жыл Комиссия үчүн чындыгында эле Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр жана негизги интеграциялык бирикмелер менен экономикалык мамилелерин тереңдетүү жылы болду”, - деди ЕЭК Коллегиясынын төрагасы.

Анын айтымында, бул багыттагы иштердин негизгиси кытайлык тарап менен иштешүү болуп саналат. “Кытай менен сүйлөшүү процесси башталган, - деди Тигран Саркисян. - Жумушчу топтордун деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду август айында болуп өттү.  Экинчиси октябрда өткөрүлмөкчү. Сүйлөшүүлөр боюнча топ эки айда бир жолудан кем эмес чогулуп турат деген макулдашуубуз бар.  Негизги максат - соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу чечимдерди табуу, Евразия экономикалык биримдигин Кытайдын “Жибек жолу” долбоору менен айкалыштыруу”.

Ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Иран, Индия, Сингапур жана башка мамлекеттер менен эркин соодалашуу аймактарын түзүү боюнча сүйлөшүү процесстери ийгиликтүү жүрүп жатканы жөнүндө Григорий Рапотага маалымдады.  Атап айтканда, ал белгилеп өткөндөй, ирандыктар “сүйлөшүүлөрдүн олуттуу чечилишине абдан олуттуу карашат, алар жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү тобун жиберишкен”. Индия менен болгон сүйлөшүүлөрдө да алдыга жылуулар бар, бул багытта Комиссиянын жана Биримдик өлкөлөрүнүн биргелешкен иштеринин алгылыктуу биринчи жыйынтыктары октябрдын ортосуна карата күтүлөт. Тигран Саркисян билдиргендей, Сингапур менен болгон сүйлөшүүлөрдүн да келечеги чоң.  Бул өлкөдө өнүккөн инновациялык технологияларды жана финансылык фонддорду Биримдик өлкөлөрүнүн пайдасына колдонууну эске алганда, Сингапур менен өз ара кызматташуу өзгөчө келечектүү. 

Григорий Рапота Россия Биримдик мамлекетинин жана Беларустун эл аралык кызматташтык боюнча тажрыйбасы Евразия экономикалык биримдиги үчүн пайдалуу болоруна ишенерин билдирди.  “Көптөгөн эл аралык форумдарда, - деп баса белгиледи мамлекеттик катчы, - биздин бирикмелердин жалпы экономикалык кызыкчылыктары жөнүндө, интеграциялык процесстерде Евразия экономикалык биримдигинин аброю жана чоң ролу жөнүндө айтып келебиз”.  

Тигран Саркисян Евразия экономикалык комиссиясынын ишине жана ички багыттарга тиешелүү бир нече негизги басымдарды жасады. “Эң оболу, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин долбоорун кызуу жана узакка созулган талкуулообуз аягына жакындап калганын айткым келет. Башында биздин өлкөлөрдүн ортосунда бул маселе боюнча 30 олуттуу пикир келишпестиктер болгон. Азыркы учурда, жөнгө салына элек бир гана маселе калды. 28-октябрда Минскте өтө турган Өкмөттөр аралык кеңеште Бажы кодекси боюнча бардык пикир келишпестиктер аягына чейин алынарына ишенебиз. Бул мындан мурдагысына салыштырмалуу алдыга озгон, либералдуу жана жаңыланган документ болмокчу”, - деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. 

Экинчи фундаменталдуу ички багыт - Евразия экономикалык биримдигинде жалпы дарылар рыногун ишке киргизүү.  Тигран Саркисяндын сөздөрү боюнча, бул багытта да өлкөлөр компромисс таба алышты, жана ушул жылдын октябрь айынын аягында принципиалдуу чечим чыгарылышы күтүлөт.

Ошондой эле Тигран Саркисян Биримдик өлкөлөрү мунай, мунай өнүмдөрү жана газ боюнча жалпы рынокторду түзүү жөнүндө концепция бекитилгенине, жана алар 2025-жылы иштей баштаарына Григорий Рапотанын көңүлүн бурду. Болжолу менен бир жарым жылдын аралыгында Комиссия өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте бул концепцияларды жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү иш чаралардын программасын даярдоону пландаштырат. 

Биримдик мамлекеттери жана Комиссия дагы көптөгөн иштерди аткара турган дагы бир фундаменталдуу ички вектор - санариптик мейкиндикти түзүү.  “Азыркы учурда дүйнөдө бардык нерселер санарипке өтүүдө, - деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы, - ишканалар да, тармактар да, соода да, мамлекеттик сатып алуулар да. Өнүккөн мамлекеттер алдыга озуп кетүүдө. Жакындан тарта биздин Комиссия да бул багытта жигердүү иштей баштады, Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин эң мыкты адистерин тартуу менен жумушчу топ түзүлдү. Бизде бул иштин өзгөчө маанилүүлүгү жөнүндө жалпы түшүнүк бар”.

Григорий Рапота Евразия экономикалык комиссиясынын бардык багыттагы аракеттерин колдоду. Ошону менен бирге, Евразия экономикалык биримдигинде санариптик технологияларды жайылтуу маселеси - бул туура идея экенин баса белгиледи.  Анын пикири боюнча, Биримдик мамлекеттеринде “мыкты программистер жана жалпысынан жогору потенциал бар, аларды сөзсүз түрдө колдонуу керек”.  Эки интеграциялык бирикменин ортосундагы Меморандум жөнүндө эске салуу менен Григорий Рапота тараптарды кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча бир жылда бир жолу консультацияларды өткөрүп турууну сунуштады.