Sign In
ЕЭК өкүлдөрү жана Армениянын мамлекеттик органдары республика экономикасынын өнүгүү перспективаларын талкуулаштыЕЭК өкүлдөрү жана Армениянын мамлекеттик органдары республика экономикасынын өнүгүү перспективаларын талкуулашты

ЕЭК өкүлдөрү жана Армениянын мамлекеттик органдары республика экономикасынын өнүгүү перспективаларын талкуулаштыЕЭК өкүлдөрү жана Армениянын мамлекеттик органдары республика экономикасынын өнүгүү перспективаларын талкуулашты

27.08.15

27-августта Дилижанда (Армения) Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү Татьяна Валоваянын жетекчилиги алдында Макулдашылган макроэкономикалык саясат маселелери боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Отурумга ошондой эле Армения Республикасынын Финансы министрлигинин, Эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министрлигинин, Борбордук банкынын жетекчилери жана эксперттери катышышты.

Кеңешменин катышуучулары Армения Республикасынын негизги тышкы экономикалык тенденцияларын, экономикалык өнүгүүсүнүн тышкы жана ички тобокелдиктерин жана орто мөөнөттүү перспективаларын талкуулашты. Ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн макроэкономикалык саясат чөйрөсүндөгү кызматташуусун тереңдетүү маселелери каралды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Бирликке мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык жана валюта-финансылык саясат чөйрөсүндөгү кызматташтыгын күчөтүү боюнча ык-амалдарды, анын ичинде ЕАЭБ финансылык институттарынын өз ара байланышууларын өнүктүрүү багыттарын дайыма талкуулап турууну улантуу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, Бирлик ичинде өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валюталарда жүргүзүүнү күчөтүү пландаштырылды. Кеңешменин катышуучулары ЕАЭБда экономикалык блоктун министрликтеринин жана ведомстволорунун ортосунда макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүзөгө ашыруу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу боюнча техникалык өз ара иштешүүнү жөнгө салууну макулдашышты.