Sign In
Кыргыз ишканалары Евразия өнөр жайлык кооперация, субконтрактация жана трансфер тармагына кошулушууда

Кыргыз ишканалары Евразия өнөр жайлык кооперация, субконтрактация жана трансфер тармагына кошулушууда

01.07.19

28-июнда Бишкекте IV Кумсков окуулары «ЕАЭБде өнөр жайлык кооперациянын перспективалары» Эл аралык илимий-практикалык конференциясында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай блогунун өкүлдөрү Кыргызстандык жана Россиялык окумуштуулар менен кыргыз ишканаларынын Евразия өнөр жайлык кооперация, субконтрактация жана трансфер тармагына кошулуусунун өзгөчөлүктөрүн жана баскычтарын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) өнөр жай кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулашты.
Талкууга Кыргыз-Россия славян университетинин (КРСУ), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, Ломоносов атындагы ММУнун, РИА Экономика институтунун эксперттери катышышты.

ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Александр Готовский белгилеп өткөндөй, өнөр жай саясатынын алкагындагы кызматташтык кооперациялык байланыштардын өнүгүүсүн тездетүүгө, биринчи кезекте инновациялык багыттар боюнча биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга багытталышы зарыл.

«Биз ишибизди азыртан эртеңки күндүн максаттарына тууралап жайылтышыбыз керек. Инноватикага тууралап. Жаңы продукциянын рыноктору тез өсүшүн эске алуу менен, биз ага даярдык көрүшүбүз зарыл! Дал ушул жерде биздин кызматташтыкка сурам өтө жогору. Биз, Комиссиянын өнөр жай блогу, бул тематика боюнча тараптар үчүн ыңгайлуу болгон кайсы болбосун форматта иштөөгө даярбыз», ¬– деди Александр Готовский.
Ошондой эле, талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында улуттук өнөр жай саясатын жүргүзүү боюнча программалык документти иштеп чыгуу жана бекитүү маселелери козголду.
Конференциянын катышуучулары Бирликтин алкагында жалпы өнөр жай саясаты менен координациялоону камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын экономикасына эң жаңы технологияларды трансферлөө үчүн Комиссия менен биргелешкен иш алып баруунун зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алышты.