Sign In
ЕЭК жана ЭЭБ кызматташтыкты кеңейтишүүдө

ЕЭК жана ЭЭБ кызматташтыкты кеңейтишүүдө

PHOTO-2019-06-27-12-39-55.jpg
01.07.19

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ченемдик-укуктук актыларын Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (ЭЭБ) актылары менен шайкеш келтирүү боюнча ишти улантат.
«ЭЭБ менен кызматташуу бүткүл дүйнөдөгү жаныбарлардын саламаттыгын жакшыртуу жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын таралышынан коргоону камсыз кылуу жаатында эл аралык тажрыйбаны пайдаланууга мүмкүндүк берет», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин 27-июнда Парижде Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (ЭЭБ) башкы директору Моник Элуа менен болуп өткөн жолугушууда билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЭЭБ өкүлдөрү жаныбарлардын инфекциялык ооруларынын таралышынын алдын алуу жаатында уюмдун Бирликтин өлкөлөрү жана ЕЭК менен кызматташтыгын кеңейтүүнү сунуш кылышты, бул эл аралык сооданын өнүгүшүнө жана ЕАЭБ жана ЭЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
«ЭЭБ менен өз ара аракеттенүү маалыматтык базаны олуттуу түрдө кеңейтүүгө жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылууда чогултулган тажрыйбаны пайдаланууга, жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоо, алдын алуу жана алар менен күрөшүү чаралары боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууда катышууга мүмкүндүк берет», ¬– деди Александр Субботин.
ЭЭБдин Москвадагы Регионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Будимир Плавшич менен Комиссиянын аянтчасында жаныбарлардан алынган продукция менен эл аралык соода жүргүзүүдөгү ветеринардык-санитардык чаралар маселелери боюнча, ошондой эле Бирликтин катышуучу өлкөлөрүнүн эпизоотикалык жыргалчылыгын камсыз кылуу боюнча биргелешкен семинарларды өткөрүү тууралуу келишкендик түзүлдү.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, ЕЭК министри, Комиссиянын жана ЭЭБдин өз ара кызматташтыгы Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун мыкты стандарттарын жана сунуштарын эске алуу менен Бирликтин өлкөлөрүндө жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын таралышынан коргоону камсыз кылууга мындан ары да өбөлгө түзөт деген пикирин билдирди.

Эскерте кетсек, ЭЭБдин сунуштамалары Бирликте жаныбарлардын ооруларын жок кылууда, региондоштурууну өткөрүүдө, мал чарбачылыгынын продукциясын көзөмөлдөөнү камсыз кылууда мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү боюнча жалпы мамилелерди иштеп чыгууда колдонулган. Мындан сырткары, БССУнун жана ЭЭБдин материалдары ЕАЭБдин укуктук базасын мыктылоо үчүн колдонулат.

ЕЭК жана ЭЭБ ортосундагы кызматташтык, 2014-жылдын 10-январында түзүлгөн Евразия экономикалык комиссиясынын жана Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында түзүлүүдө.

Маалымат

ЭЭБ өкмөттөр аралык уюм болуп саналат, анын ишмердигинин максаты – бүткүл дүйнөдөгү жаныбарлардын саламаттыгын жакшыртуу. ЭЭБге 182 өлкө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери мүчөлүк кылат.
ЭЭБ Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (БСУ) тарабынан жаныбарлардын саламаттыгынын эл аралык стандарттары боюнча референттик эксперттик уюм катары таанылат.

ЭЭБ, алар менен түзүлгөн макулдашууларга, меморандумдарга жана кат алмашууларга ылайык, 75 эл аралык жана регионалдык уюмдар менен туруктуу мамилелерди сактайт, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Россия Федерациясында (Москва ш.) жана Казакстан Республикасында (Нур-Султан ш.) анын регионалдык жана субрегионалдык өкүлчүлүктөрү бар.