Sign In
ЕАЭБде электрондук паспорттор системаларынын сынамык версиясы ишке киргизилди

ЕАЭБде электрондук паспорттор системаларынын сынамык версиясы ишке киргизилди

01.07.16

1-июлдан тартып Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн транспорт каражаттарын өндүрүүчүлөр электрондук паспорт системасынын сынамык версиясын тестирлей башташты.

Буга чейин ал  ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаментинин директору Арман Шаккалиевдин жетекчилиги астында  Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жумушчу тобу тарабынан жактырылган.

Россиялык “Электрондук паспорт” АК тарабынан сунушталган сынамык  версиясын ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн транспорт каражаттарынын бирдиктүү электрондук паспортторун киргизүү жөнүндө мамлекет аралык келишим күчүнө киргенден кийин гана  ишке киргизүү мүмкүн болгон.

ЕАЭБда автоунаа, айыл-чарба, жол-курулуш жана техниканын башка түрлөрүнүн бирдиктүү маалымат базасы ар кандай тобокелдиктерди төмөндөтүүгө, мисалы, жалпы рыноктон коопсуздук талаптарына жооп бербеген транспорт каражаттарын алып салууга өбөлгө түзөт.

“Документ электрондук паспорт ээлери үчүн автоунааларды жылдырууну жана сатып алуу-сатууну жеңилдетет, транспорт каражаттарынын бирдиктүү маалымат базасын түзөт” - деп белгилеп өттү Арман Шаккалиев.

Бирдиктүү базаны түзүү автоунаалардын конструкциялары ЕАЭБнын техрегламенттеринин нормаларына ылайык келишин, транспорт каражаттарын бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүшүнө, бажы жана салык төлөмдөрүнүн төлөнүшүнө көзөмөлдүктү күчөтүүнү ж.б шарттайт.

Алгачкы жарым жылда сынамык версия өз функцияларын жигердештирүү менен бир нече этапта тажрыйбалык пайдалануу режиминде иштей баштайт. Аны Беларусияда мисалы, Минскидеги автоунаа заводу жана “БелДжи” компаниясы, Казакстанда - “Азиа Авто”, Россияда - “Камаз” автокорпорациясы жана “Вольво Восток” компаниясы  тестирлей башташкан.

Иштеп чыгуучу-компания ар бир автоунаа тууралуу маалыматтар таризделе, сактала жана өткөрүлүп бериле турган, серверлерди, бөлүштүрүүчү маалымат базаларын жана маалымат чөйрөсүн түзүшөт. Тестирлөө учурунда даярдоочу уюмдар тарабынан аныкталган электрондук паспорттор системасын жакшыртуу боюнча сунуштар жана сын-пикирлер аларды жеткире иштеп чыгууда система администратору тарабынан болушунча кыска мөөнөттө эске алынат.

Транспорт каражаттарынын кагаз жүзүндөгү документтерин толугу менен электрондук паспортторго алмаштыруу Евразия экономикалык биримдигинде 2017-жылдын 1-июлуна карата аякталууга тийиш.