Sign In
ЕЭК Министри Ара Нранян: “ЕАЭБ – уникалдуу жана ишке ашырылган интеграциялык бирикме”

ЕЭК Министри Ара Нранян: “ЕАЭБ – уникалдуу жана ишке ашырылган интеграциялык бирикме”

01.07.15

30-июнда Ереванда, Армения Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган экономикалык форумда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөсү Ара Нранян Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) келечектүүлүгү жөнүндө билдирди.

Форумга Армения Республикасынын Премьер-Министри Овик Абрамян, министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, парламентинин депутаттары, Армениянын илимий жана эксперттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Өз сөзүндө Ара Нранян “ЕАЭБ – уникалдуу жана ишке ашырылган интеграциялык бирикме” экенин белгилеп өттү. Анын айтымында, Бирлик түзүлөбү же түзүлбөй калабы деген арсар суроолор эчак өзүнүн актуалдуулугун жоготкон. Мындан тышкары, ыксыз пессимизм мүчө өлкөлөрдүн экономикаларынын натыйжалуу ишине жолтоо болушу ыктымал.

ЕЭК Министри интеграциялык процесстердин, Евразия экономикалык бирлиги берген артыкчылыктардын мисалдарын келтирди. Армениянын жарандары жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү  ЕАЭБда алгандай жеңилдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү буга чейин бир да интеграциялык бирикме сунуштабаганын ал өзгөчө белгилеп өттү.

“Интеграция – бул баскычтуу процесс жана кыска мөөнөт аралыгында бардык маселелердин чечилишин камсыз кылуу мүмкүн эмес, - деди Ара Нранян. – Бирок, бул бардыгыбыз басып өтө турган жол. Бүгүнкү күндө чөлкөмдөгү бардык өлкөлөрдө, анын ичинде ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдө экономикалык кыйынчылыктар бар.  Улуттук валюталардын девальвациясы жана керектөөчүлүк талаптын түшүшү экономикалык жигердүүлүккө таасирин тийгизбей койгон жок. Бирок, каатчылык көрүнүштөрү заманбап экономика үчүн мүнөздүү, жана биз дайыма аларды жеңүүгө даяр болушубуз керек”.