Sign In
Казакстанда биринчи жолу ЕАЭБтин санариптик күн тартиби талкууланды

Казакстанда биринчи жолу ЕАЭБтин санариптик күн тартиби талкууланды

01.06.16

31-майда Астанада Евразия экономикалык комиссиянын ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Карине Минасяндын жана Казакстан Республикасынын маалымат жана коммуникациялар Министри Сакен Сарсеновдун катышуусу менен өткөн "Евразия экономикалык биримдигинин санариптик мейкиндигин түзүү жөнүндө" тегерек столдун алкагында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик технологиялар чөйрөсүндө жалпы рыногундагы тоскоолдуктар талкууланды.

Тегерек столго Казакстандын Маалымат жана коммуникациялар министрлигинин жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө дискуссиянын катышуучулары "Санарип Казакстан 2020" улуттук программасынын долбоору, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук түрдөгү сервистик модели жана трансформация офистеринин ишинин модели менен таанышышты.

ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБтин санариптик мейкиндигин түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун иш планы, ошондой эле Биримдиктин Интеграцияланган маалыматтык системасын түзүү жөнүндө айтып берди, анын алкагында бүгүнкү күндө 50 жакын жалпы процесстер иштелип чыгарылган. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ведомстволору ортосунда, үчүнчү тараптын ишенимдүү сервисин колдонуу менен кагазсыз документ айланымын киргизүү боюнча иштердин учурдагы абалы талкууланды.

Тегерек столдун катышуучулары Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн үчүнчү өлкөлөрдө, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринде өндүрүлгөн программалык камсыздоолордун (ПК) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин сатып алууларына жеткилигине тыюу салууну киргизүүсүнө байланыштуу Токтомун талкуулашты. "2015-жылдын 1-январынан тарта Биримдиктин ченемдик актыларына ылайык, программалык камсыздоо (ПК) иштеп чыгуу чөйрөсүндө бирдиктүү рынок түзүлгөн, ошондой эле куту чечимдерин сатууда эч кандай чектөөлөр жок, - деп белгиледи Карине Минасян. - Буга байланыштуу Россия тарабынан Биримдиктин башка өлкөлөрүндө иштелип чыгарылган программалык камсыздоолордун мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларга жеткилигине чектөө киргизүүсү өз ара соодадагы чектөө чарасы болуп саналат. Мындай чектөөлөрдүн жана тоскоолдуктардын пайда болушу ЕАЭБтин санариптик күн тартибин Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында талкуулоо зарылдыгын дагы бир жолу тастыктайт".