Sign In
ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иштерин күчөтөт

ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иштерин күчөтөт

31.05.16

31-майда Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда (ЖЕЭК) мүчө мамлекеттердин Башчылары Биримдикти өнүктүрүүнүн эң актуалдуу маселелерин жана перспективаларын талкуулашты.

ЖЕЭК отурумунун жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигран Саркисян ЖМК үчүн бир катар билдирүүлөрдү жасады.

Комиссиянын Төрагасы ЕАЭБ жарандарын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлганына эки жыл болушу менен куттуктады (ЕАЭБ жөнүндө келишимге 2014-жылдын 29-майында кол коюлган). Тигран Саркисян мындай деп белгиледи: "Бул эки жылдын ичинде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикти курууда алдыга карай алгылыктуу кадамдарды жасадык. Алдыда бизди чоң жол күтөөрүнө толук ишенем. Евразиялык интеграцияны тереңдетүү жолунда чогуу кадам таштайбыз".

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы белгилеп өткөндөй, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин - Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин төрагасынын демилгесине ылайык, 2016-жылы үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен экономикалык мамилелерди тереңдетүү ЕЭК ишинин артыкчылыгы болуп саналат. "Бул контекстте, бүгүнкү отурумдун күн тартибинде үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен мамилелерди түзүүгө байланыштуу маселелер абдан көп болду", - деп белгиледи Тигран Саркисян.

Атап айтканда, Президенттер Кытай Эл республикасы менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө карата ык-амалдарды карап чыгышты. "Бул өнөктөштүк биздин өлкөлөр үчүн принципиалдуу мааниге ээ, ЕЭК сүйлөшүү процессин баштайт. Биз бул мамилелерди мүчө мамлекеттердин ээлик кылуучу субъекттеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен түзөбүз. Мезгил-мезгили менен консультациялар өткөрүлүп турат, биз кытай рыногу биздин ишканаларга ачылышы үчүн зарыл кадамдарды жасайбыз", - деп билдирди Тигран Саркисян.

Биримдик өлкөлөрүнүн Президенттери Евразия экономикалык биримдиги жана анын мүчө мамлекеттери менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда 2015-жылдын 29-майында түзүлгөн Эркин соодалашуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кириши жана имплементацияланышы үчүн зарыл чечимдерди кабыл алышты. "Эми келишим күчүнө кириши үчүн бардык зарыл кадамдар аткарылды, - деп жыйынтыктады Тигран Саркисян. - АСЕАН өлкөлөрүнүн бир катары ЕЭК менен түздөн-түз мамилелерди түзүүгө жана ошондой эле биздин өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерди түзүүгө каалоосун билдиришти".

ЕЭК Коллегиясынын айтымында, ошондой эле Евразия экономикалык биримдиги менен Камбоджа Королдугунун кызматташуу маселелери талкууланды. Ал жакында Камбоджа жана Сингапур менен Кызматташтык жөнүндө меморандумдар түзүлгөнүн эскертип өттү. Жумушчу топтор түзүлүп, алар бул өлкөлөр менен экономикалык өз ара иштешүүнүн потенциалын изилдеп чыккандан кийин, алар менен соода-экономикалык мамилелерди түзүүнүн жолдорун сунушташат.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ЖЕЭК мүчөлөрү Европа союзу менен кызматташуу маселелерин талкуулангандыгын маалымдады; алдыга карай жылуу үчүн кандай кадамдарды жасоо керектиги жөнүндө бир катар сунуштар айтылды.

Ошондой эле мамлекет башчылары Евразия экономикалык биримдиги жана анын мүчө мамлекеттери менен Сербия Республикасынын  соода режимин унификациялоо жөнүндө бул өлкө менен сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө чечим кабыл алышты.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Биримдиктин мунай жана мунай өнүмдөрү боюнча жалпы рынокторун түзүүнүн концепциясын бекитишти. Концепцияга ылайык, биримдик өлкөлөрүнүн энергетикалык компаниялары өнөктөштөрдүн мунай инфраструктурасына дискриминациясыз жеткилик алышат, мунайды жана мунай өнүмдөрүн чектелбеген көлөмдө, экспорттук пошлинасыз, рыноктук баада сатып ала алышат, ал баа биржалык соодаларда да түзүлөт.

Мындан тышкары Евразия экономикалык биримдигинин газ боюнча жалпы рыногун түзүү концепциясы бекитилди. Концепцияга ылайык, Тараптар жалпы рыноктун ишине толук кандуу катышышат, анын катышуучуларынын ортосунда газ рыноктук баада эркин жеткирилет.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы кийинки жылы Биримдиктин мунай жана мунай өнүмдөрү боюнча жалпы рыногун түзүү концепциясын жүзөгө ашыруу программасы иштелип чыгарылып, Президенттердин бекитүүсүнө берилерин белгилеп өттү. "Ал эми андан ары тийиштүү келишим даярдалып, ал кабыл алынган кийин, 2025-жылы бизде бирдиктүү энергетикалык рынок иштей баштайт. Ушул эле логика боюнча ЕАЭБтин газ боюнча жалпы рыногун түзүү концепциясы калыптандырылган. Бул рынок да, ошол эле принциптер боюнча 2025-жылга карата түзүлөт", - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Президенттери Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2016-2017-жылдарга негизги багыттарын бекитишти.

Документ мүчө мамлекеттердин экономикаларынын алдында турган эң маанилүү кыска жана орто мөөнөттүү милдеттерди аныктайт жана аларды чечүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү камтыйт. Негизги багыттарды жүзөгө ашыруу ЕАЭБ мамлекеттери терс экономикалык жагдайдан чыгуусуна, макроэкономикалык туруктуулуктун жогорулашына жана экономикалык өсүштүн калыбына келишине өбөлгө түзөт.

Президенттер Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2016-2017-жылдарга негизги багыттарын бекиткенин маалымдоо менен, Тигран Саркисян бул документ антикризистик болуп саналарын белгиледи. "Макулдашууларга ылайык, Биримдиктин мүчө мамлекеттери тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан чаралардын мониторинги багыттамалар катары кабыл алынат, жана бул мониторинг системалуу түрдө жүргүзүлүп турат. Ал Биримдик жөнүндө келишимде каралган негизги принциптер жүзөгө ашырылышы үчүн кандай биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашырышыбыз керектигин аныктоого мүмкүндүк берет", - деп билдирди Тигран Саркисян.

ЖЕЭК отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин жардамдашуучу органын - ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жагында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Кеңеш Биримдик өлкөлөрүнө бул чөйрөдөгү макулдашылган же координацияланган саясатты жүзөгө ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүп, ыйгарым укуктуу органдардын өз ара иштешүүсүн координациялайт.

Мамлекет башчылары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги отуруму быйылкы жылдын декабрь айында Москва шаарында өткөрүлөрү жөнүндө чечим кабыл алышты.