Sign In
ЕЭК Министри Данил Ибраев жана Эл аралык аба транспорт ассоциациясынын Башкы директору Энтони Тейлер Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

ЕЭК Министри Данил Ибраев жана Эл аралык аба транспорт ассоциациясынын Башкы директору Энтони Тейлер Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

01.06.16

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Данил Ибраев жана Эл аралык аба транспорт ассоциациясынын (ИАТА) Башкы директору Энтони Тейлер ЕЭК менен ИАТА ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун алкагында Тараптардын ортосундагы кызматташтыктын принциптери, багыттары жана формалары аныкталды. Документ эл аралык аба жүк ташуулары жаатында укуктук жөнгө салууларды жакшыртууга, аба жүк ташууларын аткарууну кыйындаткан тоскоолдуктарды аныктоого четтетүүгө багытталган. Мындан тышкары, ал бажы операцияларын өткөрүүдө электрондук документ айланымы, транспорт коопсуздугун жана бажы көзөмөлүн камсыздоо үчүн зарыл болгон стандарттарды жана процедураларды жайылтуу боюнча иштерди координациялайт.

Меморандумду түзүү аба транспорту чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизип, Комиссия функционалдык милдеттерин натыйжалуу чечүүсүнө өбөлгө түзөт.

Маалымат:

Эл аралык аба транспорт ассоциациясы (ИАТА) - регулярдуу коммерциялык авиаташууларды аткарган авиакомпаниялардын бирикмеси. Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун эгидасы алдында иштейт. Учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоо, учууларды жасоо, тарифтик саясат, техникалык тейлөө, эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу сыяктуу жактарда дүйнөлүк авиатранспорт тармагынын кызыкчылыктарынын координатору жана өкүлү катары иш алып барат.