Sign In
ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары ЖЕЭК кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, перспективаларын белгилешти

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары ЖЕЭК кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, перспективаларын белгилешти

01.06.16

31-майда Астана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму болуп өттү, анын ишине Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн башчылары Биримдикти өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана перспективаларын талкуулашты.

Отурумду ачып жатып, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев бардыгын ЕАЭБ жөнүндө келишимдин түзүлгөнүнө эки жыл болушу менен куттуктады. Мамлекет башчысы баса белгилегендей, "түзүлгөнүнө аз гана убакыт болгонуна жана жолубуздун башында биз азыр баштан кечирип жаткан экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, бүгүнкү күндө эле ЕАЭБ толук кандуу интеграциялык бирикме катары өзүн тастыктай алды деп так айта алабыз. Эми биздин экономикалардын жакындоосу биз ЕАЭБ жөнүндө келишимде белгилеген пландарга жана мөөнөттөргө ылайык өтүп жатат. Нурсултан Назарбаев Биримдиктин ишинде коюлган милдеттерди жана принциптерди жүзөгө ашыруу мүчө мамлекеттердин экономикалары үчүн кубаттуу импульс боло алат деп ишенет.

Өз сөзүндө Казакстан Президенти экономикалык бирикмеге дүйнө жүзү боюнча кызыгуу арта баштаганын белгилеп өттү. ЕС, ШКУ, АСЕАН жана башкалар сыяктуу интеграциялык бирикмелер менен соода-экономикалык байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралууда. Буга байланыштуу, ЖЕЭК төрагасы катары анын сунушу боюнча 2016-жыл "ЕАЭБтин үчүнчү өлкөлөр жана маанилүү интеграциялык бирикмелер менен экономикалык мамилелерин тереңдетүү жылы" деп жарыялангандыгын эскертти. "ЕАЭБти биз дүйнөлүк экономикалык системага өзөктөш байланышка, Европа менен Азиянын ортосунда ишенимдүү көпүрө болгон ачык бирикме катары көрөбүз", - деди Нурсултан Назарбаев. Назарбаев белгилеп өткөндөй, Биримдиктин бириктирилген рыногу Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштыруучу звено болуп калышы керек.

Казакстан Президентинин пикири боюнча, Биримдиктин алкагында товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылы, кытай жетекчилери тарабынан сунушталган "Жибек жолунун Экономикалык алкагы" демилгесине ылайык келет.

Мамлекет башчысы дүйнөлүк экономикада болуп жаткан терс көрүнүштөр бардык өлкөлөр үчүн сыноо болуп саналарын жана ЕАЭБ аянтчасында иштер уюшулгандык менен өткөрүлүшүн талап кыларын белгиледи.  "Биз өз ара соода кескин түшүп кеткен кыйын шарттарда мүмкүнчүлүктөрдү издеп, өз ара иштешүүнүн башка жолдорун табышыбыз керек", - деди Казакстан Президенти.

Казакстан Президенти ал жетектеген өлкөнүн ЕАЭБте төрагалыгын эске алуу менен, быйыл интеграциялык бирикме мындан ары да ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн бардык аракеттер жумшаларын айтты.

Армения Президенти Серж Саргсян экономикалык интеграция макроэкономикалык деңгээлдеги ык-амалдардын координациясынын деңгээлин жогорулатууну талап кыларын баса белгиледи. "Буга байланыштуу ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2016-2017-жылдарга негизги багыттарын ырааттуулук менен ишке ашырууга жана биздин экономикалык потенциалдарды айкалыштыруу боюнча таасирдүү механизмдерди иштеп чыгууга олуттуу маани беребиз.  Бул биздин өлкөлөрдүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатууга жана оор экономикалык жагдайдын кесепеттерин жеңип чыгууга өбөлгө түзөт. Дүйнөлүк саясатта жана экономикада аймактык түзүмдөрдүн үлүшү жогорулаган жалпы фондо биздин интеграция экономикалык өнөктөштүктүн бардык кызыкдар тараптар менен кеңири кызматташууга ачык, жагымдуу модели болуп калышы үчүн бардык аракеттерди жумшашыбыз керек",- деди Серж Саргсян.

Александр Лукашенко ЕАЭБти өнүктүрүү максаттарында коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруудагы кыйынчылыктарга басым жасады. "Биз эки жыл мурда Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол койгонбуз. Бул убакыттын ичинде өтө олуттуу концептуалдуу чечимдер кабыл алынды: транспорттук кызматтарды либералдаштырууга, электрэнергиясынын бирдиктүү рыногун, экспорттук саясатты түзүүгө негиз коюлду.  Тилекке каршы, бардыгы эле биз пландаштыргандай өнүгүп жаткан жок. Көйгөйлөр дагы эле калууда, алардын эң орчундууларын биз бүгүн талкууладык. Баарыдан мурда, теориялык иштеп чыгууларды иш жүзүнө өткөрүү зарыл", - деп белгиледи Беларусь Президенти.

Александр Лукашенко өз ара соодадагы ички алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү, рынокту үчүнчү өлкөлөргө карата бир тараптуу коргоо чаралары бир мүчө мамлекет тарабынан колдонулган шарттарда ЕАЭБтин иштөө механизмин иштеп чыгуу жөнүндө демилгени аткаруу зарылдыгын көрсөттү. Мындан тышкары, өнөр жай кызматташтыгында, энергетикалык чөйрөдө, дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча милдеттерди жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мүчө мамлекеттердин Башчыларын интеграциялык процесстин негизги максаттарына жана милдеттерине жетүүгө тоскоол болгон кедергилерди четтетүүгө бардык аракеттерди жумшоого чакырды.  Ал Биримдиктин эбегейсиз чоң потенциалын белгилеп өттү. "Албетте, белгилүү бир жыйынтыктар жана ийгиликтер бар. Жаңылыштыктар жана жасалма түрдө түзүлгөн көйгөйлөр бар. Биздин элдерде башка альтернатива жок экенин так түшүнүшүбүз керек. Биз Евразия экономикалык биримдигинин келечеги, биздин өлкөлөрдүн келечеги үчүн жооптуубуз. Эмгек жана чыдам, биздин элдердин жана мамлекет жетекчилеринин, ошондой эле бардык министрликтердин жана ведомстволордун акылмандыгы жана кызматташтыгы керек. Мен ЕАЭБтин келечегине ишенем", - деди Алмазбек Атамбаев.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин ЕАЭБ алкагында аткарылган иштерди жогору баалады. "Евразия экономикалык биримдиги иштей баштаган бир жарым жылдын ичинде биз  бул масштабдуу интеграциялык долбоорду алдыга жылдырууда чындыгында эле көп иштерди жасай алдык, негизгиси - Биримдик биздин өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнүн конкреттүү милдеттерин чечүүгө багыт алган, заманбап эл аралык уюм катары өзү дадилдей алды деп айтууга толук негиз бар.

РФ Президентинин айтымында, "бир катар багыттар боюнча иштерди ушундай эле активдүү темпте улантуу зарыл.  Атап айтканда, бул жаңы Бажы кодексин жана Биримдик тарабынан эл аралык келишимдерди түзүүнүн тартиби жөнүндө макулдашууну даярдоого тийиштүү, башкача айтканда, интеграциянын мындан аркы алдыга жылуусу биздин өнүгүү үчүн зарыл ченемдик документтер өз убагында кабыл алынышынан көз каранды".

Владимир Путин интеграциялык бирикменин натыйжалуу иштеши үчүн тышкы өнөктөштөр менен мамилелерди системалуу түрдө түзүү зарыл экендигин белгилеп өттү. "Биз Биримдиктин башка өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен экономикалык байланыштарын мындан ары тереңдетүүгө күч аракеттерди жумшоо туурасында казакстандык төрагалыктын сунушун колдойбуз". Атап айтканда, РФ Президенти казакстандык Тараптын Евразия биримдиги жана ЕС ортосунда өз ара иштешүүнү жөнгө салуу боюнча эл аралык конференция өткөрүү боюнча демилгесин колдоду. "Евразия экономикалык комиссиясы конференцияны иштеп чыгууга жигердүү кошулуусу зарыл",- деп жыйынтыктады РФ Президенти.