Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Валюталык интеграция боюнча шашылыштын кереги жок»

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Валюталык интеграция боюнча шашылыштын кереги жок»

25.05.15

22-майда Астанада VIII Астана экономикалык форумунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Татьяна Валоваянын Жаңыртылган Бреттон-Вуд Комитетинин аткаруучу директору Марк Узан менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

ЕЭК Министри Европа бирлигинин валюта-финансылык интеграция тармагынын эксперти болуу менен дүйнөлүк экономикадагы интеграциялык процесстердин өнүгүү кадамдарына, евроаймактын өлкөлөрү бүгүнкү күнү дуушар болуп жатышкан көйгөйлөргө карата өз көз карашын билдирип өттү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагында (ЕАЭБ) финансы рынокторун либералдаштыруу тенденцияларына жана жетишкендиктерине токтоло кетти.

«Европалыктар алдында өз кезегинде алгач экономикалык бирликти түзүү, андан соң валюталык биримдикти ишке ашыруу керекпи же тескерисинче кылуу керекпи - тандоосу турган, - деп эскертти Татьяна Валовая. – Тарых көрсөтүп тургандай, валюта интервенциясы боюнча шашылыштын кереги жок, буга евроаймактын өлкөлөрү учурда дуушар болуп жатышкан көйгөйлөр мисал боло алат. Евразия интеграциясы алкагында биз алгач тиешелүү экономикалык өбөлгөлөр түзүлүүгө жана толук кандуу иштеп турган бирдиктүү рынок калыптанууга, андан соң гана ЕАЭБ алкагында валюта бирлигин түзүү тууралуу сөз кылууга боло тургандыгын так, даана түшүнүп турабыз».

Марк Узан ЕЭК Министринин макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү мүмкүн экендиги, ошондой эле аймактык интеграциялык блоктордун алкагында финансы рынокторун жана валюта интеграциясын ийгиликтүү либералдаштыруу үчүн негизги шарттар катары макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн конвергенциясынын бар экендиги тууралуу позициясын колдоду. Мындан тышкары ал Жаңыртылган Бреттон-Вуд Комитетинин алкагында алдыңкы эксперттик-аналитикалык иштер тууралуу да айтып өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Марк Узан Татьяна Валоваяны Дүйнөлүк банктын Тобунун жана Эл аралык валюта фондунун ушул жылдын октябрь айында Перуда жыл сайын өтө турган жолугушуусуна катышууга жана евразия интеграциясынын өнүгүү кадамдары тууралу айтып берүүгө чакырды.

Маалымат:

Жаңыртылган Бреттон-Вуд комитети заманбап дүйнөлүк финансылык архитектураны жана Бреттон-Вуд институттарын (Дүйнөлүк банк менен ЭВФ) реформалоо боюнча маалымат, эксперттик баа берүүлөр жана ой-пикирлер менен алмашуунун кеңири аянтчасы болуп саналат.