Sign In
ЕЭК Министри Таир Мансуров Москва Мамлекеттик Эл аралык мамилелер институтунда чыгып сүйлөдү: «ЕАЭБ 2025-жылга карата толук масштабдуу иштөө режимине өтөт»

ЕЭК Министри Таир Мансуров Москва Мамлекеттик Эл аралык мамилелер институтунда чыгып сүйлөдү: «ЕАЭБ 2025-жылга карата толук масштабдуу иштөө режимине өтөт»

29.05.15

28-майда Москвада ЕЭК Энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Таир Мансуров ММЭМИнин Европа окутуу институтунун угуучуларынын – Россия Федерациясынын дээрлик 50 министрлигинин жана ведомстволорунун мамлекеттик кызматчыларынын алдында лекция окуду, ал евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстердин өнүгүү тарыхына жана келечектерине арналган.

ЕЭК Министри Евразия экономикалык коомчулугунун (ЕврАзЭК) калыптануу тарыхы, анын органдарынын жана уюмдарынын иши, ЕврАзЭК базасында түзүлгөн Бажы бирлигинин (ББ) жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин (БЭМ) калыптануу этаптарын, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕЭБ) ишинин башталышы тууралуу айтып берди.

Лекцияда ал дүйнөлүк интеграциялык процесстердин теоретикалык жана практикалык аспектилерине, экономикалык интеграциянын классикалык үлгүсүнө, евразиялык теориянын негизги жоболоруна, ошондой эле Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан 1994-жылы М.В. Ломоносов атындагы ММУда сунушталган мамлекеттердин Евразия бирлигинин долбооруна да көңүл бура кетти. Ошентип, ал евразия мейкиндигиндеги интеграциялык окуялардын 1994-жылдан 2015-жылдын ортосуна чейинки толук ретроспективасына токтолду.

Таир Мансуров евразия интеграциялык биримдиктерди түзүүдө Евросоюздун тажрыйбасы пайдаланылгандыгын «ал биздин шарттарга кескин өзгөртүлгөн жана ыңгайлаштырылган», - деп өзгөчө белгилей кетти. Анын сөзү боюнча «Евросоюздун тажрыйбасын эске алуу ЕврАзЭК, ББ, БЭМ, жана ЕАЭБ түзүүдө бир катар жаңы чечимдерди түзүүгө жана колдонууга өбөлгө түзгөн».

ЕЭК Министринин сөзүндө ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлушуна жана анын күчүнө киришине, ошондой эле Бирликтин иштей башташынан тартып мүчө мамлекеттер ала турган артыкчылыктарга өзгөчө көңүл бурулган.

Министр ЕЭКтин ал тескөөгө алган тармактардагы координацияланган энергетикалык саясаттын жүргүзүлүшүнө жана Бирликтин жалпы энергоресурстар рыногунун баскыч-баскычы менен калыптанышына; автоунаа, аба, суу жана темир жол транспорт чөйрөсүндө макулдашылган саясаттын жүзөгө ашырылышына жана жалпы транспорт кызмат көрсөтүү рыногунун жана бирдиктүү транспорт мейкиндигинин калыптанышына, жыйынтыкталган транзиттик потенциалды ишке ашырууга; Бирликке мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптерин жана жалпы эрежелерин эске алуу менен үндөштүрүүгө багытталган ыргактуу ишин толук чагылдырып өттү.

Көбүнчө, Таир Мансуров мамлекет башчылары тарабынан 2015-жылдын 8-майында кабыл алынган ЕАЭБ Жалпы электроэнергетикалык рыногун калыптандыруу концепциясы жана 2016-жылдан 2025-жылга чейинки мөөнөттө Каботаждуу автоунаа жүк ташууларын баскыч-баскычы менен либералдаштыруу программасы тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, ал 2015-жылдын 1-январынан тартып эле мүчө мамлекеттердин аймагында каттоодон өтүшкөн жүк ташуучулар уруксатсыз негизде эле эл аралык автоунаа жүк ташууларын (эки тараптуу, транзиттик, башка мүчө мамлекеттер ортосунда) жүзөгө ашырып жатышкандыгын да билдирди. Жылдын акырына чейин жалпы газ рыногун жана жалпы мунай жана мунайзаттары рыногун түзүү концепциясын, кеме жүргүзүү жөнүндө эл аралык макулдашууну кабыл алуу пландаштырылууда.

Таир Мансуров сөзүнүн акырында угуучулардын эң оболу, Бирликтин татаал тышкы шарттарда иштөө перспективасына баа берүүгө байланыштуу суроолоруна жооп берди. «Түзүлүп жаткан Бирлик толук кандуу иштеши үчүн биз дагы көптөгөн иштерди аткарууга тийишпиз, -деп билдирди ЕЭК Министри. – Экономикадагы жана өз ара соодалашуудагы бир катар көйгөйлөрдү четтетүү жана интеграциялык процесстерди мындан да тездетүү зарыл. Бул биздин өлкөлөр экономикалык жана финансылык системанын ар кандай өнүгүү деңгээлине жеткендигине байланыштуу, аларда экономикада мамлекеттин катышуусу үлүшү айырмаланып турат, алар дүйнөлүк экономикалык процесстерге жана товарлардын, кызматтардын, кредиттердин жана инвестициялардын глобалдуу агымына бирдей тартылышкан эмес. Бирок, интеграциялык процесске катышуучулардын бардыгы өз ара таасирдүү иш жүргүзүшкөн шартта, бул көйгөйлөрдү толугу менен четтетүүгө болот. Демек, албетте, ЕАЭБ 2025-жылга карата толук кандуу иштөө режимине өтөт».

Жолугушуунун акырында Таир Мансуров жолугушуунун катышуучуларына 2014-2015-жылдары орус жана англис тилдеринде жарык көргөн: «Нурсултан Назарбевдин жүзөгө ашырылган Евразия долбоору. Евразия долбоорунун 20 жылдыгына карата. 1994-2014» жана «Евразия экономикалык интеграциясы: тажрыйбалар жана перспективалар» аталыштагы китептерди презентациялады.

ММЭМИге баруусунун алкагында Таир Мансуров институттун ректору Анатолий Торкунов менен да иш боюнча жолугушууларды өткөрдү. Тараптар заманбап евразия интеграциясынын өнүгүү келечектерин, ЕАЭБнын ЕБ менен өз ара иш алып баруу маселелерин, ошондой эле ЕЭК жана ММЭМИ ортосунда мүмкүн болуучу кызматташтык тууралуу талкуулашты.