Sign In
ЕЭК Министри Сергей Сидорский: “Импорттун ордун бастыруу жана атаандаштыкка туруктуу өндүрүмдү өндүрүү АӨЖК чөйрөсүндөгү өзөктүү маселелердин бири болуп саналат”

ЕЭК Министри Сергей Сидорский: “Импорттун ордун бастыруу жана атаандаштыкка туруктуу өндүрүмдү өндүрүү АӨЖК чөйрөсүндөгү өзөктүү маселелердин бири болуп саналат”

01.04.16

31-мартта Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорский жана Бирлимдик мамлекетинин Мамлекеттик катчысы Григорий Рапота Россия Федерациясынын айыл чарба министрлигинин жана Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин биргелешкен отурумуна катышышты. Биргелешкен коллегияда Россия менен Беларусиянын 2015-жылдагы агроөнөр жай комплекси жаатында иштешүүсүнүн жыйынтыктары жана кызматташууну өнүктүрүү каралып, АӨЖК чөйрөсүндө мындан ары иштешүү маселелери талкууланды.

Отурумда сүйлөп жатып, ЕЭК Министри Россия менен Беларустун ЕАЭБ агроөнөр жай комплексинин өнүгүшүнө олуттуу салым кошконун белгиледи. «Муну агрардык өндүрүштүн туруктуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча өлкөлөрдүн иштешүүсүн активдештирүү үчүн жакшы мисал деп эсептейм. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү ишке ашырып жаткан агроөнөр жай саясаты так ушуга багытталган»,– дейт Сергей Сидорский.

Коллегиянын катышуучуларына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү божомолун айыл чарба өндүрүмүнүн жана азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча суроо-талап менен сунуш божомолдорун калыптандыруу боюнча Комиссия кылып жаткан иштер боюнча маалымат берилди.  Ошондой эле үрөн жана асыл тукумдуу өндүрүмдүн жалпы рынокторун, биотехнологиялар, азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайы техникалык платформаларды түзүү, аквамаданият жана мелиорация чөйрөсүндө интеграциялык иштешүүнү тереңдетүү боюнча сунуштарды даярдоо боюнча да айтылды.

Евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстердин бири-бирин толуктап турушу маселесине токтолуп, ЕЭК Министри Комиссиянын топтогон ыкмаларын натыйжалуураак урунууну сунуштады. «ЕАЭБ мамлекеттеинин айыл чарба өндүрүмүнүн жана азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча суроо-талап жана сунуш божомолдорун түзүү Биримдиктин ички рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүмдү өндүрүү жана керектөө көлөмдөрүн оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Болжолдоо куралы интеграция процесстерин тереңдетип, мүчө мамлекеттердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн, азык-түлүк менен камсыз болуу абалын баалаганга гана эмес, импорттун ордун бастыруу боюнча тармактарды аныктап, ал боюнча реалдуу программаларга чыгууга да мүмкүнчүлүк берет»,– деди Сергей Сидорский.

Маалымкат

Россия Федерациясынын айыл чарба министрлигинин жана Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин коллегияларынын биргелешкен отурумдары туруктуу негизде жыл сайын бир жолудан өткөрүлүп турат