Sign In
ЕЭК Министри Данил Ибраев: «Комиссия Биримдиктин мамлекеттеринин экономикаларынын натыйжалуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүп жатат»

ЕЭК Министри Данил Ибраев: «Комиссия Биримдиктин мамлекеттеринин экономикаларынын натыйжалуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүп жатат»

01.04.16

1 апрелде  Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Данил Ибраев Борбордук Азиядагы Америка университетиндеги ачык лекциянын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) глобализация шарттарындагы өнүгүү перспективалары жана Кыргызстандын ЕАЭБне кошулуудан тапкан пайдасы тууралуу айтып берди.

Данил Ибраев, анын ичинде, буларды баса белгиледи: «Кыргызстандын атуулдары жана бизнеси үчүн жагымдуу факторлордун бири - Казакстан менен чек арадагы бажы көзөмөлүн алып салу болду. Бул чек арадан өтүү процессин жөнөкөйлөтүп жана тездетти. Республиканын Биримдиктин алкагында экономиканын 43 секторунда 2015-жылдын 1-январынан баштап ишке кирген бирдиктүү кызматтар рыногуна  кошулушу, ошондой эле Кыргызстандын атуулдары миграциялык саясатты либералдаштыруудан тапкан артыкчылыктар маанилүү».

Лекциянын жүрүшүндө ЕЭК Министри Кыргызстандын студенттерине, окутуучуларына жана бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрүнө Комиссиянын ишмердүүлүгү, Бирликтин иштеши жана милдеттери тууралуу маалымат берди. Данил Ибраев белгилеп өткөндөй, «Евразия экономикалык биримдиги башка интеграциялык блоктор жана алдыңкы экономикалык державалар менен байланыштарды жөнгө салуу боюнча иш алып барууда». Мисалы, Биримдик  өлкөлөрү «Жибек жолунун Экономикалык алкагын» түзүү боюнча Кытайдын демилгесин колдошту. Буга байланыштуу ЕЭК Министри муну белгиледи: «Эки долбоорду бириктирүүгө курс алуу – бул ЕАЭБ жана КНР мамлекеттери өз ара пайдалуу кызматташуунун эриш-аркак жалпы мейкиндигин түзүүгө умтуларынын жаңы далили. Бул Биримдик өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын – Кытайдын эң жакын коңшусунун –  транзиттик потенциалын толугураак ачып, Азия менен Европанын ортосунда ишенимдүү кургактык жолун түзүп, Кыргызстанга жана Биримдиктин башка өлкөлөрүнө жаңы автомобиль жана темир жолдорду курууга жана мурункуларын жаңыртууга кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк бермекчи».

Данил Ибраевдин айтымында, Комиссия ЕАЭБнин бул максаттарын ишке ашырууга негизги күчүн жумшоодо: «мүчө мамлекеттердин ийгиликтүү өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү, товарлардын, кызматтардын, капиталдын, эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүү, ишкердик активдүүлүктүн жана чынчыл атаандаштыктын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу». Муну менен бирге мүчө мамлекеттер «туруктуу өнүгүү» деген түшүнүккө энергоресурстардын жалпы рынокторун түзүү жана унаа жана инфраструктура жаатында интеграцияны тереңдетүү идеясын да киргизишет.