Sign In
ЕЭК Министри Карине Минасян: “Армения ЕАЭБ башка өлкөлөрү менен тең атаандаштык шарттарда иштеп, алдыга жылып жана өз позицияларын жакташы керек”

ЕЭК Министри Карине Минасян: “Армения ЕАЭБ башка өлкөлөрү менен тең атаандаштык шарттарда иштеп, алдыга жылып жана өз позицияларын жакташы керек”

01.04.15

31-мартта Ереванда “Евразия интеграциясынын перспективалары: Армениянын көз карашы” Эл аралык семинарынын алкагында ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Карине Минасян Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчөлүктүн Армения үчүн маанисин жана Бирлик өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулугунун кызыкчылыгы үчүн Армениядан чыккан товарлардын ЕАЭБнын бөлөк мүчө-мамлекеттеринин аймагына тоскоолсуз киришин камсыздоонун зарылчылыгы жөнүндө айтты. 

Семинардын уюштуруучулары Армян мамлекеттик экономикалык университети (Ереван) жана КМШ өлкөлөрүнүн институту (Москва) болушту. Иш чарага эксперттер жана Армения менен Россиянын илимий топторунун өкүлдөрү катышышты.

Өз сөзүндө Карине Минасян Евразия экономикалык комиссиясынын жана Армениянын мамлекеттик органдарынын алдында турган башкы милдеттердин бири – армениялык бизнес-коомчулугу үчүн ал Бирликтин өлкөлөрү менен тике чегаралардын жоктугун сезбегендей шарттарды түзүп берүү. “Товарлар Армениядан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына тез жана тоскоолсуз кириши керек, - деп ишенет ЕЭК Министри. – Азырынча бул иштер толугу менен жүзө аша элек, бирок азыр көнүшүү мезгили жүрүп жатканын эске алуу керек. Акырындык менен мындай кедергилер четтелет. Жана, албетте, азыр Армениянын экспорттук потенциалына россиялык рублдун девальвациясы жана Россиянын экономикасынын начарлашы абдан чоң таасир тийгизди. Анткен менен республиканын Бирликке мүчөлүгүнө мунун эч тиешеси жок экендигин түшүнүү керек. Мындай терс таасирди өлкө кандай болгон учурда да сезмек. Бирок азыр биз көйгөйлөрдү төрт өлкө биригип – ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр менен – талкуулоого жана жагдайдан чыгуунун жолдорун чогуу издөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошол эле учурда Армения Бирликке мүчөлүк берген мүмкүнчүлүктөрдү жүзөгө ашыра алат”.

Карине Минасяндын сөзү боюнча, республика бардык кооперациялык программаларга кошула алат. Акыркы күндө автомобиль куруу чөйрөсүндөгү программа бекитилген. Тес куруу жана жеңил өнөр жай чөйрөсүндөгү программалар жигердүү талкууланууда. “Армения процесске жигердүү кошулуп, бул программалардын параметрлерине жараша республика катыша ала турган секторлорду же сегменттерди сунушташы керек, - деп белгиледи ЕЭК Министри. – Армения ЕАЭБ башка өлкөлөрү менен тең атаандаштык шарттарда иштеп, алдыга жылып жана өз позицияларын жакташы керек. ЕАЭБда Армения – теңдердин арасында тең өлкө. Евразия экономикалык комиссиясында бардык чечимдер тек консенсустун негизинде гана кабыл алынганы кокусунан эмес ”.