Sign In
ЕЭК баалуу металлдарды аффинаждоо үчүн чийки затка алымдарды үч жылдык мөөнөткө нөлгө түшүрдү

ЕЭК баалуу металлдарды аффинаждоо үчүн чийки затка алымдарды үч жылдык мөөнөткө нөлгө түшүрдү

IMG00259.jpg
01.03.21

1-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы баалуу металлдар жана алардын кошулмалары бар чийки заттын айрым түрлөрү үчүн алып келүү бажы алымынын коюмун 0%га чейин төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим үч жылдык мөөнөткө бекитилди. Бүгүнкү күндө тиешелүү алымдар бажы наркынын 3%дан 15%на чейин.

Учурда Евразия экономикалык бирлигиндеги баалуу металлдар рыногунда аффинаждык ишканалардын кубаттуулуктарын жүктөө үчүн чийки зат камылгалары жетишсиз. Кабыл алынган чечим ЕАЭБ мамлекеттеринде өндүрүштү жүктөөнүн деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле салыктык кирешелерди көбөйтүүгө тийиш.

"Тарифтик чаранын киргизилиши аффинаждык жана зергерчилик өндүрүшүнүн жаңы технологияларына, эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугуна, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоого инвестицияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министри) Андрей Слепнев.

 

Документтин күчүнө кириши ЕАЭБ ТЭИ ТНге киргизилген өзгөртүүлөр эске алынган Комиссиянын Кеңешинин чечими күчүнө кирген күн менен шайкеш келтирилген.

 

Маалымат

ЕАЭБдин ички рыногунда чийки заттардын тартыштыгын эске алуу менен, товарлардын айрым түрлөрү үчүн алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк коюмдары 2017-жылдын 2-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейинки жана 2018-жылдын 24-июнунан 2020-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилде колдонулган.​