Sign In
Титан калдыктары жана сыныктары үчүн алып келүү бажы алымы үч жылдык мөөнөткө 0%га чейин төмөндөтүлдү

Титан калдыктары жана сыныктары үчүн алып келүү бажы алымы үч жылдык мөөнөткө 0%га чейин төмөндөтүлдү

IMG00259.jpg
01.03.21

1-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы титан калдыктары жана сыныктары үчүн алып келүү бажы алымын үч жылдык мөөнөткө 5%дан 0%га чейин төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Титан сыныктары куймаларды жана слябдарды өндүрүүдө кайра иштетилүүчү чийки зат катары колдонулат. Аны колдонуу процессти арзандатат жана тездетет, ошондой эле өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Евразия экономикалык бирлигинин аймагында калдыктардын жана сыныктардын негизги керектөөчүлөрү болуп төмөнкү металлургиялык ишканалар саналат: «Усть-Каменогорск титан-магний комбинаты» АК (Казакстан Республикасы) жана «Корпорация ВСМПО-АВИСМА» ААК (Россия Федерациясы).

Бул компаниялар аэрокосмостук сектордун муктаждыктары үчүн титандык продукцияны экспорттук жеткирүүлөрдүн олуттуу үлүшүн ээлейт. Өз кезегинде, чет өлкөлөрдө титан буюмдарынын керектөөчүлөрүндө аны кайра иштетүүдөн келип чыккан көп өлчөмдөгү калдыктар топтолгон.

"Бирликтин ишканалары аларды өз өндүрүшүндө колдонуу үчүн титан калдыктарын жана сыныктарын сатып алууга даяр. Ошентип, сунуш кылынган иш-чара даяр продукцияны чыгарууну көбөйтүүгө жана анын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет", — деп ЕЭКтин Бажы, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян кабыл алынган чечимге комментарий берди.

 

Документ ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.

 

Маалымат

ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 18-августундагы № 89 чечимине ылайык, титан калдыктарына жана сыныктарына карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюму 2015-жылдын 19-сентябрынан 2016-жылдын 31-декабрына чейин колдонулган.​