Sign In
ЕЭК керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатында улуттук программаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштамаларды жактырды

ЕЭК керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатында улуттук программаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштамаларды жактырды

IMG00259.jpg
01.03.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 1-марттагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү үчүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатында улуттук программаларды иштеп чыгуу боюнча методикалык сунуштамаларды бекитти.

Документ 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашыруу максатында даярдалган. Анда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы улуттук программалардын иштеп чыгуу алгоритми, түзүмү, максаттары, милдеттери, максаттуу индикаторлору жана алардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү аныкталат.

Тактап айтканда, ЕАЭБ өлкөлөрүнө трансчек араларда керектөөчүлөрдүн талаш-тартыштарын чечүүдө тең укуктуулукту камсыздоо, адилетсиз ишкердик тажрыйбаларды жокко чыгаруу жана толук жана ишенимдүү маалымат менен сапаттуу жана коопсуз товарлардын болушун кепилдөө боюнча чараларды көрүү сунушталат.  Бул иш-чаралар калктын социалдык аярлуу катмарларынын керектөөчүлүк укуктарын коргоонун өзгөчөлүктөрүн эске алууга, сарамжалдуу керектөөнүн принциптерин жайылтууга өбөлгө түзүүгө жана керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин ишин илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Комиссия сунуш кылган иш-чаралардын жана чечимдердин топтому Бирлик өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында стратегиялык пландоо документтерин даярдоодо колдонмо болуп калат.​