Sign In
ЕЭКте Ички рыноктордун иши боюнча департамент түзүлдү

ЕЭКте Ички рыноктордун иши боюнча департамент түзүлдү

01.03.16

1-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы №1 чечими күчүнө кирет, анда Евразия экономикалык комиссиясынын түзүмүндө Ички рыноктордун иши боюнча департаменттин түзүлүшү каралган.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ички рыногунда тоскоолдуктарды, алып салууларды жана чектөөлөрдү  ырааттуу жана натыйжалуу четтетүү зарылчылыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери тарабынан бир нече  жолу баса көрсөтүлгөн. Мына ушул максаттар үчүн жаңы Департамент түзүлүүдө, анын негизги милдети болуп, Биримдиктин алкагында товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жылышын ишке ашыруу менен бирдиктүү рыноктун иштешин камсыз кылуу саналат.

“Биримдикке мүчө өлкөлөр бирдиктүү рынокту түзүү тууралуу макулдашышкан экономикалык иш чөйрөсүндө ишкерлер  тоскоолдуксуз өз ара соодалашууну жүзөгө ашырууга укуктуу,- деп билдирди ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Карине Минасян. - Учурда Комиссия өз ара соодалашуудагы  тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн жаңы механизмдерди түзүүдө”.

ЕЭК Министринин сөзү боюнча, коюлган максаттарга натыйжалуу жетүү үчүн бул процесстерге ЕАЭБ бизнес - коомчулугу, айрыкча чакан жана орто ишканалардын өкүлдөрү жигердүү катышуулары зарыл, анткени алар рыноктогу тоскоолдуктарга ийкемдүү келишет.