Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая: “Аймактык экономикалык интеграция - дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири”

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: “Аймактык экономикалык интеграция - дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири”

29.02.16

26-28-февралда Шанхайда (КЭР) Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая “Эл аралык финансылык архитектурага кайра баа берүү” жана “Туруктуу глобалдуу экономикалык өсүш: стратегиялар, күчтөр жана институттар” деген эл аралык форумдарга катышып келди, мында ал евразия интеграциясынын дүйнөлүк экономикадагы ролу тууралуу айтты.

Иш чара финансылык «G20» отурумуна карата уюштурулган. Жаңыртылган Бреттон - Вуд комитети жана Кытайдын бир катар илимий-изилдөө борборлору уюштуруучулардан болушкан.

Татьяна Валовая өз сөзүндө аймактык экономикалык интеграция, ошондой эле интеграциялык блоктор ортосундагы өз ара аракеттерди институционалдаштыруу дүйнөлүк финансылык архитектураны чыңдоого тийгизген таасирине өзгөчө басым жасады. Ал Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү үчүн евразиялык интеграциялык долбоорго катышуу глобалдык экономикадагы көйгөйлөрдү минималдаштырууга өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.

“Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр менен соодалашуусунун түшүшү 2015-жылы 33,6%ды түзсө, ЕАЭБ алкагында ички соода бир аз - 25,8%га кыскарган, бул көбүнчө  интеграциялык таасирлерге шартталган”,- деп билдирди ЕЭК Министри.

Татьяна Валоваянын сөзү боюнча, ЕАЭБ өнүгүүсү эки өз ара байланыштуу тректердеги иштин натыйжалуулугу менен аныкталат, алар - интеграцияны тереңдетүү жана Биримдиктин дүйнөлүк экономикага интеграциясы.

Маалымат:

Жаңыртылган Бреттон- Вуд комитети 1994-жылы түзүлгөн. Эл аралык финансылык жана экономикалык архитектураны изилдөө жагында абройлуу илимий борбор болуп саналат. Борбордук банктар, финансы министрликтери жана “Группа двадцати” менен тыгыз кызматташат. Дүйнөлүк экономикадагы тобокелдиктерди жана көйгөйлөрдү талкуулоого арналган, жогорку деңгээлдеги семинарларды жана конференцияларды уюштурат.