Sign In
Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржы ведомстволорунун өкүлдөрү менен кызматташуу планын талкуулады

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржы ведомстволорунун өкүлдөрү менен кызматташуу планын талкуулады

01.03.16

29-февралда Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин 7-отуруму болуп өттү. ЕЭКтин интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министри) Татьяна Валоваянын төрагалыгы алдында өткөн бул отурумда Комиссиянын макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуунун аймактык механизмдери боюнча сунуштары каралды.

Отурумдун катышуучулары экономикалык татаал жагдайларда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу максатында, макроэкономикалык жана валюта-финансылык саясаты боюнча маселелерди, кыска жана орто мөөнөттүү милдеттерди, мүчө мамлекеттердин экономикасынын алдында турган кыйла курч маселелерди чечүү жолдорун талкуулашты.

Отурумда Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин мүчөлөрү, ошондой эле Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын финансы-экономикалык блокторунун министрликтринин өкүлдөрү жана Комиссиянын кызматкерлери катышты. Отурумга Биримдиктин жаңы мүчөлөрү Армения жана Кыргызстандан Консультативдик комитетке алынган мүчөлөр биринчи жолу катышышты.

Жолугушуунун катышуучулары бир катар факторлордун жана көрсөткүчтөрдүн жогору волатилдүүлүгү акыркы жылдардын өзгөчөлүгү болуп калгандыгын белгилешти.  Алардын негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө бюджеттер түзүлүүдө жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору иштелип чыгууда. Тараптар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча расмий болжолдоолорду даярдоодо пайдаланылуучу болжолдоолордун тышкы параметрлеринин санынын интервалын азайтуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Тараптар өз ара соодалашуу боюнча болжолдоолорду түзүү механизмдерин иштеп чыгууга киришүү жөнүндө макулдашты, ал жөнүндө ченем ЕАЭБ жөнүндө келишимде жазылган. Ошондой эле Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 16-октябрындагы №28 чечими менен бекитилген ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу мамилелери, Биримдик алкагында экономиканын интеграциялык потенциалга ээ болгон чөйрөлөрүн аныктоо иштерин аткарылышы жөнүндө каралды. Андан тышкары, Биримдиктин учурда колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын макроэкономикалык саясат жагында актуалдаштыруу жана андан ары өркүндөтүү зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.

Комиссиянын орто мөөнөттүү келечекке каралган пландарында - сандык сыяктуу эле, сапаттык интеграциялык натыйжаларды кыйла так эске алууга өбөлгө түзгөн  бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүү жана  критерийлерди иштеп чыгуу иштери бар.


 Мунун баары ЕАЭБ алкагында интеграция индикаторлоруна баа берүүнүн өркүндөтүлгөн системасын түзүүгө өбөлгө түзөт.

“ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюу учурунда өткөн жылы биз өз ара соодалашуу көрсөткүчтөрү -  интеграция таасирлери тууралуу айта турган негизги фактор экендигин белгилөөгө мажбур болгонбуз. Бүгүнкү күндө бул так эмес, ал тургай бир түрдүү мамиле деп айта алабыз. Башка бир катар критерийлерди эске алган, кыйла жакшыртылган система керек”, - деп билдирди ЕЭКтин интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Министри Татьяна Валовая.

Отурумдун катышуучулары Комиссиянын ишине, анын ичинде изилдөө жана методологиялык иштерине да алгылыктуу баа беришти. РФ ББ Төрагасынын биринчи орун басары  Ксения Юдаева  бул аспекти өзүнчө белгилеп өттү: “Комиссиянын илимий-изилдөө иштеп чыгууларын уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча ишине жогорку баа берем”. Комиссия мүчөлөрү ал даярдап бүткөн же келечекте пландаштырып жаткан изилдөөлөрдүн натыйжалары менен алмашуу тууралуу макулдашышты.

Консультативдирк комитеттин мүчөлөрү 2016-жылдын октябрында Комитеттин кезектеги отурумун  өткөрүүнү макулдашышты.