Евразия экономикалык
комиссиясынын Кеңеши геологиялык чалгындоо үчүн колдонулган деңиз кемелеринин
айрым түрлөрүн бажы алымдарын жана салыктарды төлөөсүз убактылуу алып келүүгө
уруксат берди. Бул Россия Федерациясынын демилгеси болду.
Комиссиянын
Кеңешинин 2019-жылдын 20-сентябрындагы № 109 чечимине тийиштүү түзөтүүлөр кыска
мөөнөттүү бургулоо мезгили менен кеңдиктерде геологиялык чалгындоо иштерин
жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк кемелерди кыска мөөнөттүү фрахттоо рыногун кеңейтүүгө
жана жаңы региондордо геологиялык чалгындоолорду жүргүзүүнү демилгелөөгө
багытталган.
Геологиялык чалгындоо үчүн
кемелерди жеңилдиктер менен алып келүү, мындай кемелер чет өлкөлүк жактардын
менчиги болуп, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жактары
тарабынан тайм-чартер же бербоут-чартер келишими боюнча фрахтталган шартта
мүмкүн болмокчу. Алымдарды, салыктарды төлөөдөн бошотуу 2020-жылдын 1-июлунан
тарта 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдин ичинде алып келинген кемелерге
карата камсыз кылынышы мүмкүн.
Маалымат
Евразия экономикалык
комиссиясынын Кеңешинин 20.09.2019-ж. № 109 чечими менен Убактылуу алып келүү
(уруксат берүү) бажы жол-жобосуна ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы
аймагында алып келүү бажы алымдарын, салыктарды төлөөсүз убактылуу болууга жана
колдонууга уруксат берилген товарлардын категорияларынын тизмеги бекитилген.