Sign In
ЕЭК Кеңеши алюминий фторидине жана плавик шпатына карата чечимдерди кабыл алды

ЕЭК Кеңеши алюминий фторидине жана плавик шпатына карата чечимдерди кабыл алды

IMG_4556.JPG
01.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 29-январда алюминийди өндүрүүдө электролиттин компоненти катары колдонулган алюминий фторидине карата нөлдүк импорттук алымдын аракеттенүү мөөнөтүн узартты. Аталган чара 2023-жылдын 31-декабрына чейин аракеттенмекчи.

"Бирликте алюминий фторидин ички өндүрүү алюминий ишканаларынын муктаждыктарынын үчтөн эки бөлүгүн гана жабат, калганы үчүнчү өлкөлөрдөн жеткирүүлөр менен компенсацияланат. Ошентип, кабыл алынган чечим өндүрүштүн чыгымдарын азайтууга жана Бирликтин алюминий өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн колдоого өбөлгө түзөт", – деп Комиссиянын соода блогунда түшүндүрүштү.

Мындан сырткары, плавик шпатына карата алып келүү бажы алымынын коюмун нөлгө түшүрүүгө байланыштуу маселени кароо аягына чыкты. Өткөн жылдын декабрь айында ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ ТЭИ ТНде кальций  фторидинин камтылышы 95-97 салм.% түзгөн плавик шпаты үчүн өзүнчө позицияны бөлүп берүү жана ага карата импорттук тарифтин коюмун бир жылдык мөөнөткө 10%дан 0%га түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алган. Чаранын жана аны аракетке киргизүүнүн юридикалык тазалыгын камсыз кылуу үчүн Комиссиянын Кеңешинин ЕАЭБ ТЭИ ТНдеги аталган өзгөртүүлөрдү Комиссиянын башка актыларында, атап айтканда, өнүгүп келе жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдөн келип чыккан преференциалдык товарларлын тизмегинде эске алган чечимин кабыл алуу зарыл эле.

Плавик шпаты фтордуу суутекти даярдоодо колдонулат, ал эми ал өз кезегинде машина курууда, учак курууда, мунай казып алууда, медицинада, косметологияда, химия өнөр жайында, электротехникада жана тиричилик приборлорун өндүрүүдө керек болгон бир кыйла татаал фтор камтыган химиялык кошундуларды алуу үчүн колдонулат.

"Бүгүнкү күндө кальций  фторидинин камтылышы 95-97 салм.% түзгөн плавик шпаты Казакстанда өндүрүлөт, бирок анын көлөмдөрү Бирликтин кайра иштетүү өнөр жайынын муктаждыктарын толук көлөмдө камсыз кылуу үчүн жетишсиз. Киргизилип жаткан чара, кытай компаниялары тараптан атаандаштыктын күчөшүн эске алуу менен, ЕАЭБде фтор камтыган өнүмдөрдү өндүрүүнүн өздүк наркын азайтууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө", – деп ЕЭКтин соода блогунда белгилешти.​