Sign In
"Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" техникалык регламент 2022-жылдын 1-сентябрында күчүнө кирмекчи

"Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" техникалык регламент 2022-жылдын 1-сентябрында күчүнө кирмекчи

IMG_4584.JPG
01.02.21

ЕЭК Кеңеши 29-январда "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" Бирликтин техникалык регламенттин (ЕАЭБ ТР 048/2019) күчүнө кирүү мөөнөтүн 2022-жылдын 1-сентябрына жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул россиялык тараптын демилгеси болду.

Аталган мөөнөт өндүрүүчүлөргө бирдиктүү техникалык регламенттин талаптарына акырындык менен өтүү үчүн кошумча убакыт берүү максатында кийинкиге жылдырылды. Ошондой эле, чечим ишкердик климатты нормалдаштырууга жана жаңы коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу чектөөлөр баскычтар боюнча жоюлуп жаткан шарттарда бизнестин ишмердигин калыбына келтирүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү зарылчылыгын караштырат.

Мындан сырткары, аталган документте чаң соргучтардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө маркалоого карата кийинкиге калтырылган ченем белгиленди, ошондой эле ЕЭК Кеңешинин энергия керектөөчү ар түрдүү түзмөктөрдүн этикеткаларынын формаларын жана аларды жол-жоболоштуруу эрежелерин белгилөөчү чечиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2022-жылдын 1-мартына; техникалык регламентке карата №№ 3, 5, 6, 9, 12, 13 жана 14 тиркемелерде белгиленген айрым талаптардын күчүнө кирүү мөөнөтү бир жылга жылдырылды.​