Sign In
ЕЭКтин Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитетинин отурумунда бул чөйрө боюнча 2015-жылдагы иштер жактырылды

ЕЭКтин Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитетинин отурумунда бул чөйрө боюнча 2015-жылдагы иштер жактырылды

27.01.16

27-январында Евразия экономикалык комитетинин Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитетинин сегизинчи отурумунда ЕЭКтин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү 2015-жылдын жылдагы иштери жактырылды. Консультативдик комитеттин 2016-жылга иш планы бекитилди.

Комитеттин мүчөлөрү Россиянын табигый монополиялар проблемалары институтунун башкы директору Александр Григорьевдин “Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн энергоэффективдүүлүк чөйрөсү боюнча саясаты” деген темадагы доклады менен таанышышты. А. Григорьев Биримдиктеги энергоэффективдүүлүктү укуктук жөнгө салуунун концептуалдуу маселелерин козгоп, электр энергиясын үнөмдөө боюнча программалык документтерди ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу иш-чаралары тууралуу билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары табигый монополиялар жагындагы актуалдуу маселелерди маалымдоо максатындагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий коомчулугунун мүчөлөрүн Комитеттин отурумуна чакыруу демилгесин колдоого алышты. Ошондой эле бул чөйрөдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан даярдалган маалыматтардын негизинде даярдалган маалымат 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кароосуна коюла тургандыгы айтылды.