Sign In
ЕАЭБдин жана Чилинин өз ара аракеттенүүсү «бешилтиктин» өлкөлөрүнүн бизнесинин катышуусун талап кылат

ЕАЭБдин жана Чилинин өз ара аракеттенүүсү «бешилтиктин» өлкөлөрүнүн бизнесинин катышуусун талап кылат

Никшина Чили.jpg
10.10.19

9-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина жана Чили Республикасынын эл аралык экономикалык мамилелер боюнча министринин орун басары Родриго Яньес Бенитес андан аркы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон параметрлерин талкуулашты. Тараптар эркин соода жөнүндө ыктымалдуу макулдашуунун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыктын перспективаларын баалоо боюнча ишти баштоо жөнүндө келишишти.

 

Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрү жана Чили акыркы жылдарда өз ара сооданы олуттуу түрдө кеңейтүүгө жетишишти. 2018-жылы товар жүгүртүү 2017-жылга салыштырмалуу 31%га – 1,2 млрд АКШ долларына чейин өстү. Бирликтин Чилиге экспортунун көлөмү 54,8%га өсүү менен, 127,1 млн АКШ долларын түздү, ал эми ошол эле мезгил аралыгында Чилиден импорт 28,7%га – дээрлик 1,1 млрд АКШ долларына чейин өстү. Чилиден жеткирүүлөр көбүнчө тоңдурулган балык (37,3%), жез рудалары жана концентраттары (11,9%), чочко эти (7,7%), балык филеси (5,5%) жана шарап (4,0%) сыяктуу товардык топтордон турат. Башка товарлардын үлүшү 33,6% түзөт. Буга байланыштуу соода түзүмүн мыктылоо боюнча иштин актуалдуулугу сакталууда.

 

Чили тарап евразиялык экономикалык интеграция Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин Чили Республикасы менен кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн ачып жаткан негизги артыкчылыктарга өзүнүн көз карашын билдирди.

 

«Бул маалыматтар өз убагында көрсөтүлдү. Так азыркы учурда биз эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү мүмкүн болгон приоритеттүү өлкөлөрдүн тизмесин түзүүнүн кийинки циклин баштоодобуз», – деди Вероника Никишина.

 

Чили Республикасынын эл аралык экономикалык мамилелер боюнча министринин орун басары Родриго Яньес Бенитес Бирликтин өлкөлөрү менен кызматташтык Чили үчүн приоритеттүү болуп саналарын, жана алар жакынкы келечекке ЕАЭБ менен соода макулдашуусун түзүү максатын алдыга койгондугун баса белгиледи.

 

ЕЭК министри, өз кезегинде, зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзүү менен, бул багытта адымдап жүрүү зарыл деп белгиледи. «Баштапкы баскычта ЕАЭБдин жана Чили Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн биргелешкен стратегиясын иштеп чыкканыбыз оң. Соода шарттарынын жакшырышын биз маанилүү нерсе, бирок ошентсе да, товар жүгүртүүнү кеӊейтүү жана анын түзүмүн жакшыртуу үчүн чечишибиз керек болгон маселелердин кыйла татаалыраак комплексинин бөлүгү катары көрөбүз», – деди Вероника Никишина.

 

ЕЭКтин соода боюнча министри ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашууларын түзүү боюнча иштин тартиби жөнүндө айтып берди. Иш-аракеттердин алгоритми бир нече милдеттүү кадамдарды камтыйт. Биринчи баскычта Комиссия ЕАЭБдин беш өлкөсүнөн алар менен ЭСЗ түзүү жагымдуу болгон өнөктөш өлкөлөр боюнча сунуштарды топтойт, андан кийин тиги же бул өлкө менен эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү ЕАЭБ үчүн экономикалык максатка ылайыктыгы изилденет. Бул жагынан алганда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин позициясы өтө маанилүү болуп саналат. Бирок изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин мандат алуу үчүн ЕАЭБдин бардык мүчө мамлекеттеринин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү консенсусу милдеттүү шарт болуп саналат. Ошентип, эреже катары, мындай тректи түзүү жетишерлик көп убакытты талап кылат.

Чили тарап, ЭСЗ түзүлгөн шартта, ЕАЭБден мунай жана газ, металлургия, химия жана айыл чарба тармактырынын продукциясын жеткирүүлөрдүн көбөйүшүн болжолдоодо.