Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Татьяна Валовая: «ЕАЭБ БУУ 2030 күн тартибинин алкагында туруктуу өнүгүү боюнча өздүк методологиясын активдүү өнүктүрүүдө»
18 Июль | Интеграция жана макроэкономика

Мындай деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая салттуу түрдө БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңеши (ЭКОСОС) тарабынан июль айында бүткүл дүйнөлүк уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өткөрүлүүчү туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форумдун алкагында билдирди.

ЕЭК евразиялык корпорацияларды түзүүнү колдоодо
18 Июль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин 17-июлда Санкт-Петербургда Россия жана Беларустун региондорунун VI Форумунун алкагындагы улуттук ишкердик кеңештердин отурумунда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнүн иш-тажрыйбалык аспаптары жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бизнеси үчүн ачылып жаткан перспективалар тууралуу айтып берди.

Тигран Саркисян: «Европа жана Евразия экономикалык бирликтеринин ортосундагы мамилелер өз ара пайдалуу өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ»
17 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Урсула фон дер Ляйенди Европа комиссиясынын Төрагасынын кызматына дайындалгандыгы менен куттуктады.

ЕАЭБде Мамлекеттердин курстук саясаты боюнча консультациялык кеңеш пайда болот
17 Июль | Экономика жана каржы саясаты | Бажы кызматташтыгы | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

16-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажылык жана техникалык жөнгө салуу, каржылык саясат, соода, атаандаштык, санариптештирүү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рынокторунун иштеши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

ЕЭК алгачкы жолу нысапсыз атаандаштыктын белгилери боюнча иште талашты алдын ала жөнгө салуу жол-жобосун колдонду
17 Июль | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Мындай мүмкүнчүлүк ЕЭК Кеӊеши Чек ара аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуулар жөнүндө арыздарды (материалдарды) кароо тартибине киргизген өзгөртүүлөрдүн аркасында пайда болду.

ЕАЭБдин тоо-кен казып алуу тармагында санариптик технологиялар колдонулат
16 Июль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

«Тоо-кен казып алуу тармагы: ЕАЭБдин алкагында интеграциялык долбоорлорду өнүктүрүү потенциалы» деп аталган тегерек столдо Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) тоо-кен казып алуу тармагындагы стратегиялык багыттарды жана санариптик чечимдерди өнүктүрүү боюнча эң мыкты сунуштар тандалып алынды.

«Евразия жумалыгынын» уюштуруучу комитети иш чаранын программасынын негизги темаларын белгиледи
16 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

«Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун расмий сайтында ишкердик программанын архитектурасы жарыяланды. Форум 2019-жылдын 25-27-сентябрда Кыргызстандын Бишкек шаарында өткөрүлөт жана 2 000 ашуун катышуучуларды – Евразия экономикалык бирлигинен (ЕАЭБ) жана Бирликтин өнөктөш өлкөлөрүнөн бийлик органдарынын жана бизнестин өкүлдөрүн, өнүктүрүү институттарынын адистерин, каржылык жөнгө салгычтарды, эксперттерди чогултат.

ЕЭК министри Серик Жумангарин ЕАЭБдин атаандаштык укугуна эксперттик сереп жүргүзүүнүн алкагындагы биргелешкен иштин жыйынтыктарын чыгарды
12 Июль | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) улуттук монополияга каршы ведомстволор менен кызматташтыгын күчөтүү жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аралык рынокторундагы атаандаштыкты бузуучулар үчүн жазаны жумшартуу программасын иштеп чыгуу – ушул жана башка сунуштамалар БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмчөсү тарабынан көрсөтүлгөн, ЕАЭБдин атаандаштык укугуна эксперттик серепте камтылган. Серептин презентациясы ЮНКТАДдын Атаандаштык тармагындагы мыйзам чыгаруу жана саясат боюнча эксперттердин өкмөттөр аралык тобунун Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн 18-сессиясынын негизги окуясы болду.

ЕАЭБде үчүнчү өлкөлөргө экспорттоочуларга дем беришүүдө
12 Июль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агро өнөр жай боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин эл аралык кооперация жана экспорт жаатындагы «Жылдын экспорттоочусу» Бүткүл Россиялык конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлады. Аталган салтанаттуу азем Екатеринбургда GMIS-2019 Өнөр жай жана индустриалдаштыруу боюнча глобалдык саммитинин алкагында болуп өттү.

Жаш дипломаттардын бирикмеси Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн калыптануусуна олуттуу салым кошушу мүмкүн
11 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңеши (РФ ТИМ ЖДК) менен биргеликте Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын ТИМдеринин жаш адистеринин өз ара аракеттенүүсү үчүн бирдиктүү аянтчаны – Евразия экономикалык бирлигинин Жаш дипломаттар ассоциациясын (ЕАЭБ ЖДА) түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда.