Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК вебинарынын катышуучулары ЕАЭБ мейкиндигинде электрондук сооданы андан ары өнүктүрүү боюнча кадамдарды белгилешти
09 Февраль | Соода

Евразия экономикалык комиссиясы Россиянын Өнөр жайчылар жана Ишкерлер Союзу (РСПП), Россиянын экспорт борбору ("РЭЦ" АК) жана Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңеши менен биргеликте “Электрондук соода аянтчалары. Жеткирүүлөрдү онлайн режимине которуу” вебинарын өткөрүштү.​

ЕАЭБ КЭРден келген ширетилген түтүктөргө жана профилдерге карата демпингге каршы алымды киргизет
09 Февраль | Соода

9-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасынан келген дат баспас болоттон жасалган түтүктөрдүн жана профилдердин бир катар түрлөрүнө демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Алым беш жылдык мөөнөткө киргизилип, чендин коюму өндүрүүчүгө жараша 14,62ден 17,28% га чейин болот.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Ирандын Ислам Кеңешинин Межлисинин Төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушту
09 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Жолугушуунун жүрүшүндө көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана соода-экономикалык күн тартиби козголду. Атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттери менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашууну ишке ашыруу, эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо, ошондой эле жалпысынан кызматташууну активдештирүү жолдору талкууланды.
​​

Бирлик өлкөлөрүндө коронавируска каршы вакцина биргелешип өндүрүлөт
08 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Эске салсак, ЕАЭБ мамлекет башчыларынын былтыркы жылдын апрелиндеги жолугушуусунда өнөр жайдын учурдагы абалын талкуулоодо коронавирус пандемиясына байланыштуу Бирликтин дары боюнча коопсуздугунун маселелери каралган. Кеңешменин катышуучулары анда аталган планды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн жана өз убагында экендигин белгилешкен. Комиссия тиешелүү тапшырмаларды алган.

ЕЭК Украинадан келген болот түтүктөрдүн бир катар түрлөрү боюнча демпингге каршы кайта иликтөөнү баштады
08 Февраль | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рынокту коргоо департаменти Украинадан келген болот түтүктөрдүн айрым түрлөрү боюнча чаранын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу демпингге каршы тергөө ишин баштоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБдин алкагында металлургия тармагын чийки зат менен камсыздоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын тизмесин даярдоодо
08 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунун иштешинин алкагында Казакстан Республикасы жана Беларусь Республикасы тарабынан милдеттенмелерди аткаруу маселеси - кара жана түстүү металлдардын сыныктары менен калдыктарын экспорттоого чектөөлөрдү алып салуу - 5-февралда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда каралды.

Зергерчилик бюро евразиялык экспорттоочуларды колдойт
08 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Санкт-Петербург шаарында өткөн XXIX Эл аралык JUNWEX зергерчилик көргөзмөсүндө Евразия экономикалык комиссиясы "ЕАЭБдин алкагында зергерчилик чөйрөсүндө макулдашууну жүзөгө ашыруунун келечеги. Евразиялык зер буюмдар экспортунун бюросун түзүү. Зер буюмдардын электрондук соодасын өнүктүрүү" темасында тегерек стол өткөрдү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Бирликтин аймагында жооп иретиндеги чараларды колдонуу маселесин иштеп чыгууну баштоону тапшырды
06 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши 5-февралда Алмата шаарында (Казакстан) болуп өткөн отурумдун жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрү менен биргеликте 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 40-беренесинин 1-пунктуна ылайык чараларды колдонуу механизми жөнүндө маселени иштеп чыгууну баштоону тапшырды.​

Михаил Мясникович ЕАЭБде жогорку технологиялык тармактарда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө чакырды
05 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Михаил Мясникович 5-февралда «Almaty Digital Forum 2021» форумунда сөз сүйлөп жатып, технологиялык тармактарда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө чакырып өттү.

ЕЭК жана КМШнын Аткаруучу комитети 2021–2022-жылдарга карата кызматташтыктын планына кол коюшту
05 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана КМШнын Аткаруучу комитетинин Төрагасы Сергей Лебедев 5-февралда Алматада Евразия экономикалык комиссиясынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча 2021–2022-жылдарга карата иш-чаралардын планына кол коюшту.