Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Комиссия ЕАЭБдин агроиндустриясынын өнүгүү картасын иштеп чыкмакчы
29 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин агроөнөр жай комплексинин өнүгүшү үчүн маанилүү болуп саналган ири инвестициялык жана инновациялык долбоорлор жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык ресурсту түзмөкчү. ЕЭК Кеңеши тийиштүү чечимди 29-апрелде кабыл алды. Ал Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги Өкмөттөр аралык кеңештин жакынкы отурумдарынын биринде колдоого алынат деп күтүлүүдө.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2020–2021-жылдарга карата негизги багыттарынын долбоорун жактырды
29 Апрель | Интеграция жана макроэкономика | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Документтин долбоору макроэкономикалык саясаттын орто мөөнөттүү перспективадагы максаттары катары макроэкономикалык стабилдүүлүктү жана ЕАЭБ мамлекеттериндеги калктын жашоосунун жетишилген деңгээлин сактоону, ошондой эле Бирликтин андан аркы экономикалык өнүгүүсү үчүн негиздерди түзүүнү караштырат.

ЕАЭБ эл аралык кызматташтыктын географиясын кеңейтти
29 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлиги дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн жана регионалдык интеграциялык бирикмелеринин көпчүлүгү менен кызматташтыкты расмийлештирди же алар менен активдүү өз ара аракеттенип келет. Бул тууралуу ЕАЭБдин 2019-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарынын ишке ашырышы жөнүндө баяндамада айтылат. Аны ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү 28-апрелде карап чыгышты.

Евразия спутниктери учурууга даярданышууда
28 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕЭК Коллегиясы 28-апрелдеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Жерди алыстан байкоо (ЖАБ) маалыматтарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы глобалдык кооперациялык долбоорун жактырды.

Армения жана Кыргызстан алымдардын ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинен айырмаланган коюмдары боюнча алып келген товарлардын тизмектеринин жаңы редакциялары бекитилди
28 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

28-апрелде ЕЭК Коллегиясы Армения жана Кыргызстан аларга карата алып келүү бажы алымдарынын Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинен айырмаланган коюмдарын колдонгон товарлардын тизмектеринин жаңы редакцияларын бекитти. Буга чейин тийиштүү принципиалдуу чечимдер 2019-жылдын декабрында жана 2020-жылдын январында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана ЕЭК Кеңешинин отурумдарында кабыл алынган эле. Бул тууралуу эл аралык келишимдерге 14-апрелде кол коюлду.

Бирликте дагы төрт мамлекеттер аралык долбоор санариптештирилди
28 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭК Коллегиясынын тескемеси менен бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык (чек ара аралык) электрондук өз ара аракеттенүүнүн дагы үч процесси, ошондой эле бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу жаатындагы бир процесс "санариптештирилди" жана аракетке киргизилди. Аталган процесстер боюнча маалыматтар Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун (ИМТ) каражаттары аркылуу берилмекчи жана иштетилмекчи.

Олег Панкратов ЕЭК Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (Министр) болуп дайындалды
24 Апрель | Бажы кызматташтыгы

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен Панкратов Олег Михайлович Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (Министр) болуп дайындалды.​

ЕАЭБдин жалпы газ рыногунда газ ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү маселеси ЖЕЭКтин деңгээлинде чечилмекчи
23 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 23-апрелде видеоконференция форматында өткөрүлгөн кезексиз отурумунда Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун макулдашылбаган акыркы маселелери каралды. Өкмөттөр аралык кеңеш үч маселе боюнча 20 жана 22-апрелде ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан формулировакаларды кабыл алды. ЕАЭБдин жалпы газ рыногунда газ ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү боюнча калган маселе Бирликтин мамлекет башчыларынын деңгээлинде чечилмекчи.​

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмеси
22 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Кеңеши 22-апрелде өткөрүлгөн жумушчу кеңешмеде Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарына байланыштуу бир катар маселелерди карап чыкты. Ошондой эле, Казакстандын чоң суроо-талапка ээ болгон товарларды ЕАЭБден алып чыгууга убактылуу тыюу салуу боюнча кабыл алынган чечимди түзөтүү боюнча сунушу каралды.

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнө балык чарба жаатындагы кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү сунуштады
22 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 21-апрелдеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө балык чарбасы тармагында кызматташууну сунуштады жана бул үчүн тийиштүү чаралардын тизмегин сунуш кылды. Документтин негизин Комиссия тарабынан даярдалган, Бирликтин өлкөлөрүнүн балык чарба рыногун талдоонун натыйжалары түздү.