Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде илимий-техникалык кызматташуу боюнча эл аралык келишимди иштеп чыгуун сунушталды
17 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бул демилгени Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасына караштуу Илимий-техникалык кеңештин президиумунун 17-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөн экинчи отурумунун катышуучулары билдиришти.

ЕЭК жана КМШнын Аткаруу комитети 2021-жылы биргелешип иштөө пландарын талкуулашты
17 Февраль

Евразия экономикалык комиссиясы менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин өз ара аракеттенүү маселелерин ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана КМШ Аткаруу Комитетинин Төрагасынын орун басары Денис Трефилов талкуулашты. Жолугушуу 16-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

ЕАЭБде табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иштер уланууда
17 Февраль | Энергетика жана инфраструктура

Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин отурумунда Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте табигый монополиялар чөйрөсүндө "жол картасынын" экинчи этабын ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктады. Бул иштин натыйжасында табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө багытталган макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгарылат.

ЕЭКтин соода саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Аветис Оганесян дайындалды
17 Февраль | Соода

Аветис Оганесович Оганесян 1973-жылы 12-июнда Ереванда туулган. 1995-жылы Армениянын Мамлекеттик инженердик университетин, андан кийин магистратураны жана аспирантураны аяктаган.

Ирэн Мелконян ЕЭКтин иштерин башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды
17 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Ирэн Робертовна Мелконян 1996-жылы Ереван мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин жана 1999-жылы Жер ортолук деңиз агрономиялык институтунун экономика жана башкаруу факультетин аяктаган. Экономика жана менеджмент илиминин магистр даражасына ээ. Англис тилинде эркин сүйлөйт.

ЕАЭБ КЭРде чыгарылган каңылтыр рессорлорго карата демпингге каршы алымды киргизет
16 Февраль | Соода

16-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасында чыгарылган рессорлорго жана алар үчүн каңылтыр темирлерге карата демпингге каршы алым киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Чара беш жылдык мөөнөткө киргизилип, алымдын өлчөмү бажы наркынын 14,11% түзөт.

ЕЭК зергерчилик өнөр жайы үчүн асыл таштарга импорттук алымдарды нөлгө түшүрдү
16 Февраль | Соода

16-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы асыл жана жарым-жартылай асыл таштардын айрым түрлөрү үчүн алып келүү бажы алымдарынын коюмдарын эки жылдык мөөнөткө нөлгө түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Тактап айтканда, кеп зергерчилик өнөр жайында колдонулган табигый же жасалма изумруд, сапфир, жакут, нефрит, александрит ж.б. айтылууда.

ЕЭК балык өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт
16 Февраль | Соода

16-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы лосось түркүмүндөгү балыктарды өстүрүү үчүн балык көлмөлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын коюмдарын бир жылдык мөөнөткө 15%дан 0%га чейин төмөндөттү. Азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинде түндүк шарттарында балык өстүрүү үчүн талап кылынган технологиялык деңгээлдеги жабдуулар чыгарылбайт.

Алюминий өндүрүү үчүн көмүртек жана графит продукциясына алымдар төмөндөтүлдү
16 Февраль | Соода

16-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы алюминий электролизи үчүн көмүртек-графит продукциясынын айрым түрлөрү үчүн бажы алымдарынын коюмдарын бир жылдык мөөнөткө нөлгө түшүрдү.

ЕЭК – курулуш боюнча эл аралык чемпионаттын өнөктөшү
16 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы Эл аралык курулуш чемпионатынын өнөктөшү болду, анын финалы 20-23-апрелде Сочи шаарында өтөт.