Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Кытайдан алып келинген түтүктөргө карата демпингге каршы чараны узартты
11 Август | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 11-августта мунай жана газ чөнөктөрүн бургулоо жана эксплуатациялоо үчүн колдонулган, КЭРден алып келинген тигишсиз болот түтүктөргө карата демпингге каршы чараны 2021-жылдын 12-майына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Алымдын аракеттенүү мөөнөтү Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан 13-майда башталган демпингге каршы кайта иликтөө жүргүзүлгөн убакытка узартылды.

ЕЭК ЕАЭБдин чек араларындагы көйгөйлөрдү жоюунун үстүнөн иштөөдө
10 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Бажы кызматташтыгы

Келишпестиктерди жана талаш жагдайларды жоюу жана ЕАЭБде товарлардын эркин кыймылын камсыз кылуу боюнча Комитеттин 2-чи отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөлөрү жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн чек аралары аркылуу товарларды өткөрүүгө байланыштуу талаш маселелерди жоюу боюнча "жол картасын" талкуулашты.

Михаил Мясникович Александр Лукашенкону шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
10 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Президенттигине шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Евразиялык технологиялык платформалар инвесторлорду күтүүдө
07 Август | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы Евразиялык технологиялык платформаларда белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти күчөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян билдирди. Комиссиянын аянтчасында анын төрагалыгы астында Евразиялык технологиялык платформалардын III Съезди өткөрүлдү.

Норвегиянын бизнеси ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен кызматташтыкка кызыкдар
07 Август | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян Норвегия-Россия соода палатасынын аткаруучу директору Ярле Форбур жана Норвегиянын бизнесинин өкүлдөрү менен видеорежимде өткөрүлгөн жолугушууда Евразия экономикалык бирлиги, анын улуттан жогорку компетенциялары, Бирликтин жаңы интеграциялык багыттарынын үстүнөн иш, ошондой эле ЕАЭБдин жана ЕБнын ортосундагы учурдагы соода-экономикалык мамилелер тууралуу айтып берди.

Артак Камалян: "Биз айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрдүн ЕАЭБдин рыногуна жетүүсү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга умтулабыз"
06 Август | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян Евразия экономикалык бирлигинде комбайндарды өндүрүү боюнча эң ири ишкана болуп саналган "Ростсельмашка" сапарынын жүрүшүндө билдирди.

ЕЭКте 2025-жылга чейинки Стратегиялык өнүгүү багыттарын ишке ашыруу планы боюнча алгачкы кеңешме болуп өттү
04 Август | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин төрагалыгы астында, ушул жылдын май айында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан жалпысынан жактырылган, евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун комплекстүү планын иштеп чыгуу боюнча эксперттик кеңешмелердин сериясы башталды.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу ЕАЭБ өлкөлөрүнө инвестицияларды тартууну демилгелейт
04 Август | Экономика жана каржы саясаты

"Калыбына келтирүүдөн туруктуу өсүшкө карай" деп аталган эл аралык инвестициялык онлайн-конференцияда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, жагымдуу бизнес-климатты түзүү жана инвестициялык кызматташтыктын перспективалары талкууланды. ЕАЭБдин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча панелдик дискуссияда Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин кызмат адамдары катышышты.

ЕАЭБдин атаандаштык укугун өркүндөтүүдө ЮНКТАДдын сунуштамалары колдонулмакчы
31 Июль | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) сайтында https://unctad.org/en/PublicationsLibrary/ditcclp2020d1_en.pdf">Евразия экономикалык бирлигинин атаандаштык укугун талдоонун натыйжалары жөнүндө отчёт жарыяланды.

Михаил Мясникович: "ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалары орчундуу дүйнөлүк чакырыктарга ийкемделүүгө жөндөмдүү"
31 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 31-июлда "Калыбына келтирүүдөн туруктуу өсүшкө карай" деп аталган эл аралык инвестициялык онлайн-конференциянын пленардык отурумунда билдирди.