Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Михаил Мясникович Нурсултан Назарбаевди мааракеси менен куттуктады
06 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Ардактуу төрагасы, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Элбашы Нурсултан Назарбаевди мааракеси менен куттуктады.

Михаил Мясникович Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттарда катышты
03 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 3-июлда Минскте Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларда катышты.

Жалпы каржы рыногун түзүүдө салым кошуучулардын укуктарын коргоо жаатындагы мыкты дүйнөлүк стандарттар колдонулмакчы
03 Июль | Экономика жана каржы саясаты

Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясынын (ДКЭА) Аткаруучу кеңеши Евразия экономикалык комиссиясына өнөктөш статусун ыйгарды. Комиссия Эл аралык валюта фонду, Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле бир катар башка алдыңкы улуттук жана мамлекеттер аралык жана эл аралык уюмдар менен катар ДКЭАнын өнөктөшү болду.

ЕАЭБде мүчө мамлекеттердин улуттук экономикаларынын тармактарынын кызыкчылыктарын чектеген субсидияларды берүүгө жол берилбейт
03 Июль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Дина Акпанбаева "Евразия экономикалык бирлигиндеги өнөр жайлык субсидиялар жөнүндө" деп аталган семинарда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жайлык субсидиялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы, аталган субсидиялардын классификациясы, аларды берүү эрежелери, ошондой эле аталган эрежелерди бузгандык үчүн колдонулуучу чаралар жөнүндө айтып берди.

ЕЭК Кеңеши евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын карап чыкмакчы
03 Июль | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 10-июлда өткөрүлүүчү отурумуна евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын маселелери чыгарылмакчы. Бул тууралуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 2025-жылга чейинки Стратегиянын долбоорунун кем жерлерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отурумунун жыйынтыктары боюнча билдирди.

Виктор Назаренко: "Рынокто компетенттүү жана ак ниет шайкештикти баалоо боюнча органдар гана калышы керек"
02 Июль | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун төрагалыгы астында Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн тармактык кеңешмеде Евразия экономикалык бирлигине алып келинип жаткан продукциянын шайкештигин баалоо тутумун кайра форматтоого карата жаңы мамиле талкууланды.

Михаил Мясникович Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту
02 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 2-июлда Беларусь Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту.

Михаил Мясникович Минскте жумушчу жолугушууларды өткөрдү
02 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Беларуска жумушчу сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды, анын ичинде Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Беларусь Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча министри Сергей Наливайко жана Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Юрий Сенько менен жолугушууларды өткөрдү.

Михаил Мясникович Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
02 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

ЕЭКке караштуу Дары-дармек каражаттары боюнча эксперттик комитет Бирликтин Фармакопеясын аракетке киргизүүнүн мөөнөттөрүн аныктады жана GMP сертификаттарын көрсөтүү мөөнөттөрүнүн узартылышын жактырды
02 Июль | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясына караштуу Дары-дармек препараттары боюнча эксперттик комитеттин ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун төрагалыгы астында өткөрүлгөн биринчи отурумунда дары-дармек каражаттарын каттоодо келип чыккан келишпестиктерди жөнгө салуу механизмдери каралды. Референт мамлекеттин жана таануучу мамлекеттин эки каттоо досьеси боюнча эксперттик отчётторундагы "пайда-тобокелдик" баалоосу боюнча айырмалар талкууланды.