Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЖТБнын жыйынтыктары боюнча улуттан жогорку жөнгө салуунун илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты
04 Сентябрь | Экономика жана каржы саясаты

Курамына Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштуктарынын кызмат адамдары кирген, жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) боюнча жумушчу топ бажылык жөнгө салуу, ветеринардык чараларды колдонуу, ошондой эле дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөлөрүндөгү чечимдердин долбоорлорун карап чыкты.

ЕАЭБ өлкөлөрү жана Иран кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр
03 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 2-сентябрда Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында Иран Ислам Республикасынын Энергетика министри, Иран-Армян жана Иран-Россия кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияларынын теңтөрагасы Реза Ардаканиян менен жолугушту.

ЕЭКтин Транспорт боюнча консультативдик комитети интеграциялык процесстердин биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыктарын чыгарды
03 Сентябрь | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин аэропортторунун инфраструктурасынын, аэродромдук жабдууларынын, аба кемелеринин учууларынын аэронавигациялык жана радиотехникалык камсыздоосунун, ошондой эле Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүндөгү автомобилдик транспортто жана жол чарбачылыгында колдонулуучу учурдагы интеллектуалдык транспорттук тутумдарынынын абалын талдоону аяктады.

ЕЭК газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун ишке киргизүү үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүүдө
03 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Энергетика жана инфраструктура

2-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү соода, макроэкономика, бажы кызматташтыгы, ишкердик ишмердикти өнүктүрүү, атаандаштык, санариптештирүү, каржы рыноктору, техникалык жөнгө салуу, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү, электр энергиясынын, газдын, мунайдын жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

Тигран Саркисян Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
31 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 31-августта Москвадагы «Кузьминки-Люблино» Мамлекеттик корук-музейинин аймагында өткөрүлгөн «Кыргызстан евразиялык биримдик үчүн» деп аталган этномаданий майрамда катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналып, кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан уюштурулду.

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө туруктуу жана инклюзивдүү өсүшкө жетишүүгө карата мамилелер тууралуу айтып берди
29 Август | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү ЭСКАТО өлкөлөрүнүн (Түндүк жана Борбордук Азия) БУУ ТӨМдү ишке ашыруу боюнча Булан-Соготтуда (Кыргызстан) өткөрүлгөн форумунда БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына (БУУ ТӨМ) жетүишү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) интеграциялык потенциалын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, ЕАЭБ мамлекеттеринин, алдыңкы өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн инклюзивдүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары көрсөтүлдү.

ЕАЭБ жана Иран сооданын преференциалдуу шарттарына өтүшүүдө
28 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мехди Санаи 28-августта ЕЭКте болуп өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон жол-жоболордун аякташы жөнүндө ноталар менен алмашышты. Бул, макулдашуу 27-октябрда күчүнө кирет дегенди билдирет.

«Евразия жумалыгы – 2019» форумунда ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес алып баруу үчүн жайлуу шарттарды түзүүнү талкуулашат
28 Август | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө ишкердик ишмердүүлүктү ийгиликтүү алып баруу үчүн бизнес-климатты жакшыртуу, тутумдук чараларды кабыл алуу жана инфраструктураны камсыз кылуу Бирликтин туруктуу ички өнүгүүсүнүн, ошондой эле анын тышкы соода өнөктөштөр жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуулугунун маанилүү факторлору болуп саналат.

ЕЭК жана «Макдоналдс» кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты
27 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

Куш этинин коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясында ушул жылдын күз айларында эле каралышы мүмкүн. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян «Макдоналдс» компаниясынын Россиядагы башкы директору Марк Карена менен Комиссиянын штаб-квартирасындагы жолугушууда билдирди. Тараптар аталган компаниянын жана жалпы эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ишкердик коомдоштуктарынын бизнесине таасир этиши мүмкүн болгон маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кеп биринчи кезекте азык-түлүк продукциясына карата техникалык регламенттер жөнүндө болууда.

Могилевдо лифт жабдууларын өндүрүү тармагындагы өнөр жай кооперациясы маселелери талкууланды
23 Август | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин Могилев областтык аткаруучу комитетинин төрагасы Леонид Заяц жана «Могилевлифтмаш» ААКнын башкы директору Борис Ковалевский менен Могилев областынын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен өнөр жай кызматташтыгы жаатындагы потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Жолугушуу 23-августта Беларусь Республикасынын Могилев шаарында болуп өттү.