Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Өнүмдөрдү ЕАЭБнын техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык даярдоо үчүн Армениянын бизнесине кошумча 2 жыл берилет
15 Май 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттери Армения Республикасынын аймагында күчүнө кирген учурдан тартып, эки жылдын аралыгында армения бизнеси улуттук мыйзамдардын негизинде иштей алат. Комиссиянын Коллегиясынын “ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу, Армения Республикасында Бирликтин техникалык регламенттерин ишке киргизүүнүн тартиби жөнүндө” бул чечими 2014-жылдын 16-майында күчүнө кирген.

ЕЭК Министрлери Армениянын бизнес-коомчулугун ЕАЭБ документтерин иштеп чыгууга жигердү катышууга чакырышты
15 Май 2015 | Бажы кызматташтыгы | Экономика жана каржы саясаты

14-майда Ереванда Евразия экономикалык комиссиясынын Министрлери атайын уюштурулган тегерек столдун алкагында Армениянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жаңы Бажы кодекси, Бирликтеги салыктык тескөө-башкаруунун өзгөчөлүктөрү, Вьетнам менен эркин соодалашуу аймагы жөнүндө макулдашуу туурасында айтып беришти. Иш чаранын жүрүшүндө ЕЭК өкүлдөрү республиканын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн кызыктырган актуалдуу суроолорго жооп беришти.

ЕЭКтин Энергетика жана инфраструктура боюнча Министри Таир Мансуров: «10 жылдан кийин дүйнөнүн энергетикалык картасы өзгөрөт – ЕАЭБ энергоресурстарынын жалпы рыноктору пайда болот»
14 Май 2015 | Энергетика жана инфраструктура

12-13-майда Лаксенбургда (Австрияда) «Евразиядагы энергетиканын келечеги ааламдык контекстте» эл аралык семинарынын алкагында ЕЭК Энергетика жана инфраструктура боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министри) Таир Мансуров Евразия экономикалык бирликте (ЕАЭБ) энергетикалык саясаттын интеграциялык көрсөткүчтөрү жана энергоресурстардын жалпы рынокторун калыптандыруунун негизги принциптери тууралуу айтып өттү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эксперттери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба өнүмдөрү жана азык-түлүктөрү боюнча сатуу жана маркетингдик саясатын координациялоонун багыттарын макулдашышты
14 Май 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

13-майда Агро өнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитетке караштуу, “Экспорттук потенциал” багыты боюнча жумушчу топтун отурумунун алкагында, Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында Тараптардын эксперттери Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин айыл чарба өнүмдөрү жана азык-түлүктөрү боюнча сатуу жана маркетингдик саясатын координациялоо жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын сунуштарынын долбоорун карап чыгып, жалпысынан жактырышты.

Беларусь өнөр жай форумунун катышуучулары ЕЭК иштеп чыккан ЕАЭБ алкагындагы өнөр жайлык кызматташуунун Негизги багыттарынын долбоорун колдошту.
13 Май 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

13-майда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорский 2015-жылкы Беларусь өнөр жай форумунун алкагындагы «Евразия экономикалык бирлигиндеги өнөр жай интеграциясы» пленардык отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы өнөр жайлык кызматташуунун Негизги багыттары жакынкы беш жыл үчүн стратегиялык документ болуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүгө багытталат деп билдирди. «Мындай интеграциялык процесстин алкагындагы өнөр жайлык кызматташуу боюнча документ Евразия мейкиндигинде биринчи жолу иштелип чыкты. Буга чейин болгон интеграциялык бирикмелердеги өнөр жай саясатын өнүктүрүүнү бирдиктүү көрүү жок эле, айрым-айрым гана элементтер гана болчу», - деп ЕЭК Министри көңүл бурду. Ал документ системдик мүнөзгө ээ болуп, Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жайда кызматташуусунун негизги багыттарын аныктайт деп билдирди.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко Евробирликтин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Вигаудас Ушацкас менен жолугушту
13 Май 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

12-майда Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенконун Евробирликтин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Вигаудас Ушацкас менен жолугушуусу болду.

ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин Кытай менен соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштайт.
12 Май 2015 | Соода

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (Министр) Андрей Слепнев жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция Министри Гао Хучен Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталгандыгы тууралуу билдиришти. Тиешелүү биргелешкен билдирүүгө 8-майда Москвада кол коюлган.

Урматтуу кесиптештер, достор!
08 Май 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

1945–жылдын 9-майы – Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн тарыхындагы улуу күн. Бул өлкөлөрдүн жарандары өз ата-бабаларынын 70 жыл мурун ырайымсыз агрессор-немецтик фашизмдин үстүнөн тарыхий Жеңишке жетишишкен күжүрмөн жана эмгекчил эрдиктерин эч качан унутушпайт.

Кыргызстандын ЕАЭБга кошулушу тууралуу документтерге кол коюлду
08 Май 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында Москвада Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү. Саммитке Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин лидерлери – Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Евразия экономикалык комиссиясынан (ЕЭК) ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко катышышты.

ЕАЭБге кирген мүчө-өлкөлөрдө 2015-жылдын март айынын аягына карата жумушсуздардын саны экономикалык жигердүү калктын 1,3% түздү
30 Апрель 2015 | Интеграция жана макроэкономика

ЕАЭБге кирген мүчө-өлкөлөрдө 2015-жылдын март айынын аягына карата жумушсуздардын саны экономикалык жигердүү калктын 1,3% түздү