Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту
21 Май 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

20-майда Ереванда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алдында Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту. ​

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча Министри Тимур Сулейменов ЕвроАзия кызматташтыгынын Финансы-банк ассоциациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды
20 Май 2016 | Экономика жана каржы саясаты

18-майда Москвада ЕвроАзия кызматташтыгынын Финансы-банк ассоциациясынын (ЕАК ФБА) штаб-квартирасында, ЕАК ФБА Координациялык кеңешинин кеңейтилген отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Министри Тимур Сулейменов Ассоциациянын жетекчилик органы - Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

ЕЭК экономика жана каржы саясаты боюнча Министринин Катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев: «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыгы жаңы этапка чыгат»
20 Май 2016 | Экономика жана каржы саясаты

19-майда Санкт-Петербургда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсүнүн (Министринин) Катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев Петербург эл аралык юридикалык форумунун алкагында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында интеллектуалдык менчикти жөнгө салуунун тутумун калыптандыруу жөнүндө айтып берди.​

ЕЭК экономика жана каржы саясаты боюнча Министринин Катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев ЕАЭБдеги финансылык интеграция жөнүндө айтып берди
20 Май 2016 | Экономика жана каржы саясаты

19-майда Санкт-Петербургда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсүнүн (Министринин) Катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев Петербург эл аралык юридикалык форумдун алкагындагы «Россиянын финансылык коопсуздугу: концепциядан жаңы укуктук форматка» тегерек үстөлүндө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн финансылык коопсуздугун камсыздоо жөнүндө айтып берди.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Россия-АСЕАН саммитинин лидерлерине ЕАЭБти презентациялады
20 Май 2016 | Интеграция жана макроэкономика

20-майда Сочиде (Россия) Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая Россия – АСЕАН саммитинин алкагында жумушчу таңкы тамактануунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин жана АСЕАН мамлекет жана өкмөт башчыларынын алдында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бет ачары менен чыгып сүйлөдү.​

Медицина буюмдарынын жалпы рыногу ЕАЭБде 2016-жылдын аягына чейин иштей башташы мүмкүн
20 Май 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) укуктук порталында ЕАЭБ жөнүндө келишимге жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Медицина буюмдарын (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техникаларды) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга ылайык, медицина буюмдарынын жалпы рыногун иштетүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан кабыл алынган документтер жарыяланган.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: “Заманбап дүйнөдө экономикалык интеграциялык процесстер саясый процесстерден озуп кетти”
20 Май 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

19-майда Сочиде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия – АСЕАН “Россия – АСЕАН өнөктөштүгү Азия-Тынч океан регионунун жаңы интеграциялык архитектурасында: бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр” Иштиктүү форумунун пленардык жыйынында Комиссиянын жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы жөнүндө билдирди.​

ЕЭК Министри Тимур Сулейменов: «Учурдагы кыйынчылыктарды жеңүү жана тез өнүгүүнү камсыздоо үчүн биздин өлкөлөр экономикалык өз ара аракеттенүүнү андан ары тереңдетүү боюнча чараларды көрүшү керек»
19 Май 2016 | Экономика жана каржы саясаты

17-18-майда Бангкокто (Таиланд Королдугу) Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов Азия жана Тынч океан үчүн БУУ Экономикалык жана социалдык комиссиянын (БУУ ЭСКАТО) 72-сессиясында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө кыйынчылыктарды жеңүүнүн жолдору жөнүндө айтып берди.​

ЕЭК Министри Сергей Сидорский: “Мүчө мамлекеттердин каржы институттары жана өнөр жайы биргелешип, ЕАЭБ алкагында өнөр жайдагы, АӨКтөгү жана инфраструктурадагы эл аралык долбоорлорду каржылоо үчүн аспаптарды иштеп чыгышы керек”
19 Май 2016 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

18-майда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Сергей Сидорский менен Мамлекеттер аралык банктын президенти Игорь Суворовдун жолугушуусунун жүрүшүндө өнөр жай, АӨК чөйрөсүндөгү эл аралык долбоорлорду каржылоо жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында тышкы соода бүтүмдөрүн ишке ашыруу үчүн каржы аспаптарын колдонуу маселелери талкууланды.​

Евразия экономикалык комиссиясы жана Сингапур Республикасынын Өкмөтү Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту
18 Май 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

18-майда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын штаб- квартирасында Комиссия жана Сингапур Республикасынын Өкмөтү Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.​