Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБтин “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу” техникалык регламентиндеги стандарттар тизмесине өзгөртүүлөрдүн долбоорунун ачык талкуусу башталды
15 Апрель 2016 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясы Стандарттар тизмесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн долбоорун ачык талкуулоо башталгандыгы жөнүндө билдирет. Өзгөртүүлөрдү ыктыярдуу колдонуунун натыйжасында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу” техникалык регламентинин талаптарын, ошондой эле изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын, анын ичинде бул техрегламенттин талаптарын колдонуу жана аткаруу, техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандап алуу эрежелерин камтыган Стандарттар тизмегиндеги эрежелерди сактоо камсыздалат.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая ЕАЭБтеги келечектүү долбоорлор жөнүндө айтып берди
15 Апрель 2016 | Интеграция жана макроэкономика

14-апрелде Москвада болуп өткөн “ИнвестРос” эл аралык конференциясынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая “Евразия экономикалык союзуна инвестициялар” темасында сессия өткөрдү жана жакынкы келечекте евразия интеграциясынын өнүгүү багыттары жөнүндөгү баяндамасы менен чыгып сүйлөдү.​

Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган маанилүү маселелер тизмеги каралды
15 Апрель 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

13-апрелде Горки шаарчасында (Москва областы) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму болуп өттү. Саммитте Армения Республикасынын Премьер-министри Овик Абраамян, Беларус Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышышты.​

Өкмөттөр аралык кеңеш, Евразиялык технологиялык платформалардын түзүлүүсү жана иштеши тууралуу жобосун жана станок куруу боюнча Евразиялык инжиниринг борборун түзүү концепциясын бекитти.
15 Апрель 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

13-апрелде Горки шаарчасында болуп өткөн (Москва областы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда, Евразия экономикалык Биримдигинин өлкөлөрүнүн Өкмөт Башчылары Станок куруу боюнча Евразиялык инжиниринг борборун куруу концепциясын бекитишти. Концепция, Биримдик алкагындагы өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарына ылайык ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте Комиссиянын өнөр жай блогу тарабынан иштелип чыгарылды. Бул стратегиялык иш кагазда Станок куруучу борбор, Тараптардын өнөр жай кызматташтыгында колдонулуучу аспаптарынын бири катары белгиленди. ​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Аргентинанын тышкы иштер Министри Сусана Малькорра менен ЕАЭС - МЕРКОСУР линиясы боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү
14 Апрель 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

12-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында Евразия экономикалык Коллегиясы Төрагасы Тигран Саркисян менен Аргентина Республикасынын тышкы иштер Министри Сусана Малькорранын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. ​

ЕЭК Министри Мукай Кадыркулов: “Бажы жөнгө салуулары мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүн илгерилетүүчү механизм катары каралуусу шарт”
13 Апрель 2016 | Бажы кызматташтыгы

12-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Мукай Кадыркулов “Бажы жана Тышкы экономикалык ишмердүүлүк 2016: бизнес жана бийлик диалогу” Moscow Times конференциясынын алкагында ЕАЭБтеги бажы жөнгө салууларын жакшыртуу тууралуу сөз козгоду. ​

ЕЭК чечим кабыл алууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштуктарынын сунуштарын эске алат.
13 Апрель 2016 | Экономика жана каржы саясаты

12-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда, 2015-жылы Комиссиянын чечим долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине баа берүүлөрдү (ЖТБ) жүргүзүүнүн мониторинги жөнүндө ЕЭКтин жылдык отчетуна тийиштүү тескеменин долбоору жактырылды. Отчет ЕЭК Кеңеши тарабынан, андан соң Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан каралат.​

ЕЭК баасы биржалык котировкадан көзкаранды болгон товарлардын бажы баасын кийин аныктоо процедурасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн жактырды
13 Апрель 2016 | Бажы кызматташтыгы

12-апрелде Комиссия Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда бажы кызматташтыгы, экономика жана каржы саясаты, техникалык шайкештөө, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуулар тууралуу маселелер каралды. ​

ЕЭК Министри Данил Ибраев менен Армениянын энергетика министри Левон Еолян ЕАЭБ менен ЭПШП чиркештирүү боюнча «энергетикалык» аянтчасын түзүү мүмкүндүгүн талкуулашты
11 Апрель 2016 | Энергетика жана инфраструктура

8-апрелде Ереванда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Данил Ибраев Армениянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Левон Еолян Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Жибек жолунун экономикалык алкагын (ЖЖЭА) байланыштыруу боюнча энергетика чөйрөсүндө иштиктүү аянтча түзүү мүмкүндүгүн талкуулашты.​

ЕЭК Министри Данил Ибраев: «Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфраструктуралык долбоорлорду сүрөөгө, жаңы темир жол жана автомобиль жолдорун курууга өбөлгө түзүп жатат»
11 Апрель 2016 | Энергетика жана инфраструктура

11-апрелде Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Данил Ибраев россиялык эң ири «Фуд Сити» агрокластеринде «Кыргызстан» улуттук павильонун ачуу салтанаттуу аземинде Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында товарларды ташуунун эркиндигинин принциптерин ишке ашуунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.​