Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш эксперттери жана журналисттери үчүн ачылган «жайкы мектеп» өз ишин аяктады
21 Июль 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

20- июлда Москвада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш эксперттери жана журналисттери үчүн ачылган «Евразия экономикалык интеграциясы: артыкчылыктар, перспективалар, инструменттер» «жайкы мектеби» өз ишин аяктады, аны Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жана Эл аралык иштер боюнча Россия кеңеши (ЭИРК) уюштурушкан.

Сергей Сидорский: “Армениянын ишканаларынын өнөр жай жана айыл чарба кооперацияларына жана импортту алмаштырууга тартылышы өлкөнүн ЕАЭБге кошулуусунун натыйжасында келип чыккан экономикалык оң таасирди сезүүсүнө мүмкүндүк берет”
21 Июль 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

20-июлда Ереванда Армения Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай жана агроөнөржай комплекс маселелери боюнча Министр Сергей Сидорский Армения Республикасынын Премьер-министри Овик Абраамян менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары, Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы кызматташууларынын үзүрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча суроолорду, ошондой эле, ЕАЭБ өнөр жай жана агроөнөржай саясатын өнүктүрүүдөгү ыкмаларын талкуулашты.

Татьяна Валовая КЭРдин аткаруу бийлик органдарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугуп, мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулады
20 Июль 2015 | Интеграция жана макроэкономика

16-19-июлда Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Кытай Эл Республикасынын кызматташуусун күчөтүүнүн алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү Татьяна Валовая Пекинге сапар тартты.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБда тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү тутумун иштеп чыгууну колдоду
17 Июль 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

15-июлда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чарага ЕЭК Кеңешинин Мүчөлөрү катышышты: Армения Республикасынын Вице-Премьер-Министри, Эл аралык экономикалык интеграциялар жана реформалар министри Ваче Габриелян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казахстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-Министри Валерий Диль, Россия Федерациясынын Өкмөт Башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөлөрү (Министрлер).

Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин отурумунда ЕАЭБ жөнүндө келишимди өнүктүрүүгө карата ченемдик-укуктук документтердин даярдыгы талкууланды
15 Июль 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

14-июлда Москвада Евразия экономикалык бирлигинин Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорскийдин төрагалыгы алдында өткөн Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин сегизинчи отурумунда Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди өнүктүрүүгө карата ченемдик-укуктук документтерди даярдоо, ошондой эле Макулдашылган агроөнөр жай саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы талкууланды.

ЕЭК коллегиясы четтен киргизилген товарлардан алынуучу бажы алымдарынын эсепке киргизилишин жана бөлүштүрүлүшүн биргелешип көзөмөлдөө боюнча документтин долбоорун мамлекет ичинде макулдашуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөттү
15 Июль 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

14-июлда Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын кезектеги отурумунда каржы саясаты, техникалык жөнгө салуу, өнөр-жай жана агроөнөр-жай комплекси, монополияга каршы жөнгө салуу жана соода жаатындагы маселелер каралды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш эксперттери жана журналисттери үчүн “жайкы мектеп” өз ишин баштады
14 Июль 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

13-июлда Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Виктор Христенко, Россиянын Эл аралык иштер боюнча кеңешинин (РЭИК) башкы директору Андрей Кортунов жана ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Карине Минасян Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жаш эксперттерине арналган “Жайкы мектептин” ишин ачып беришти. Жайкы мектеп евразия экономикалык интеграциясынын приоритеттерине, перспективаларына жана куралдарына арналып, бир жумага созулмакчы. ​

ЕЭКтин Бажы кызматташуу боюнча министри Владимир Гошин КЭР Башкы бажы башкармалыгынын башчысы Юй Гуанчжоу менен маалыматтык өз ара иштешүү маселелерин талкуулады
13 Июль 2015 | Бажы кызматташтыгы

10-июлда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча Министри Владимир Гошин Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын башчысы Юй Гуанчжоу менен жолугушуу өткөрүп, анда бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү өз ара иштешүү маселелери каралды.​

ЕЭК Министри Тимур Сулейменов: “Кыргызстан азыркы учурда эле факт боюнча Бирлик алкагындагы интеграциялык диалог боюнча толук укуктуу, теңдеш өнөктөш болуп эсептелет, анын ичинде ЕАЭБ жалпы каржы рыногун түзүү боюнча диалогдо”
10 Июль 2015 | Экономика жана каржы саясаты

9-июлда Бишкекте (Кыргыз Республикасы) ЕЭКтин Экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменовдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин кезектеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин каржы саясаты чөйрөсүндөгү бир катар маселелери каралды.

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешков: "Эл аралык заманбап стандарттарды колдонуу - продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган натыйжалуу механизм"
10 Июль 2015 | Техникалык жөнгө салуу

9-июлда Екатеринбургда 6-эл аралык көргөзмөнүн жана «ИННОПРОМ-2015» өнөр жай жана инновациялар форумунун алкагында ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешков Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) эң мыкты эл аралык талаптардын негизиндеги мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуунун актуалдуулугу жөнүндө билдирди.