Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК министри Валерий Корешков: “Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү жана эл аралык деңгээлде макулдашылган талаптарды кабыл алуу тыгыз интеграцияга жана аны коштогон артыкчылыктарды алууга көмөктөшөт”
26 Октябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

26-октябрда Минскте Бирикке Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын “БУУ ЕЭК аймагында 2030-жылга чейин экономикалык интеграциянын жана туруктуу өнүгүүнүн негиздери” эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференциянын алкагында Стандартташтыруу жаатында саясат жана ченемдик жөнгө салуу маселелери боюнча кызматташтык боюнча жумушчу топ тарабынан уюштурулган “Соода жана стандарттар: коммерциянын курамдык элементтерин жыйылтуу” тематикалык сессиясы өткөрүлдү. Сессиянын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр), Жумушчу топтун төрагасынын орун басары Валерий Корешков болду.​

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Биз ЕАЭБ алкагында биздин өлкөлөрдүн экономикаларына тышкы шоктордун терс таасирин азайтууга мүмкүндүк берген макроэкономикалык саясат жаатында иштердин координациясын жогорулатууга умтулабыз”
25 Октябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

24-октябрда Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын директорунун орун басары Юха Кэхонен жана ЭВФтин Россиядагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн Башчысы Габриэль Ди Белла менен жолугушуусу болуп өттү.

ЕЭКте ЭВФтин “Аймактык экономиканы өнүктүрүү перспективалары” экономикалык серебинин бет ачары болуп өттү
25 Октябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

24-октябрда Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) демилгеси боюнча Евразия экономикалык комиссиясында ЭВФтин Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн “Аймактык экономиканы өнүктүрүү перспективалары” темасында экономикалык серебинин кезектеги чыгарылышынын бет ачары болуп өттү.​

ЕЭКте Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн Беларуска товарларды киргизүүдө КНС алуу жөнүндө консультациялар өткөрүлдү
25 Октябрь 2016 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

21-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши департаментинде Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн Беларусь Республикасына товарларды киргизүүдө кошумча нарк салыгын (КНС) алууга байланыштуу консультациялар өткөрүлдү. Консультациялар видеоконференция режиминде Биримдик өлкөлөрүнүн катышуусу менен өттү.​

Евразия биримдигинде “апалардын” дарылары керек болобу?
24 Октябрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу

24-октябрда Москвада россиялык The Moscow Times гезити тарабынан уюштурулган “Фармацевтикалык тармактын укуктук маселелери” конференциясында Евразия экономикалык биримдигинде дарылардын жалпы рыногунун түзүлүүсүнүн көйгөйлөрү жана бул чөйрөнү жөнгө салуучу ченемдик база талкууланды. Ошондой эле фармацевтикалык ишканаларды инспекциялоонун көйгөйлөрү жана параллелдүү киргизүү жана мажбурлап лицензиялоо маселелери каралды. Конференциянын эки сессияларына Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин кызматкерлери катышышты.​

ЕЭК жана Автомобиль транспортунун эл аралык союзу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр
24 Октябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

24-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун башкы катчысынын орун басары, БУУга караштуу Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Игорь Рунов менен жолугушуусу болуп өттү.​

Евразия экономикалык биримдигинде дагы кызмат көрсөтүүлөрдүн дагы эки секторун либералдаштыруу даярдалууда
24 Октябрь 2016 | Экономика жана каржы саясаты

18-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отурумунда аудит, отчеттуулук жана бухгалтердик учет чөйрөсүндө бирдиктүү рынокту түзүү боюнча либералдаштыруу пландарынын долбоорлору жактырылды жана аларды бекитүү жөнүндө Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тескемесинин долбоору макулдашылды.

ЕЭК министри Тимур Сулейменов: “Каржы интеграциясы рыноктордун көлөмдөрүнүн, тереңдигинин жана ликвиддүүлүгүнүн өсүшүнүн эсебинен алардын кризистик көрүнүштөргө көбүрөөк туруктуулугуна өбөлгө түзөт”
24 Октябрь 2016 | Экономика жана каржы саясаты

21-октябрда Веронада (Италия) V Евразия форумунда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Тимур Сулейменов Евразия экономикалык биримдигиндеги финансылык интеграция жөнүндө айтып берди.​

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жолугушуусу болуп өттү
22 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

22-октябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жолугушуусу болуп өттү.​

ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаменти Автомобиль өндүрүүчүлөрүнүн эл аралык уюму менен кызматташтыкты өнүктүрөт
21 Октябрь 2016 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

20-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин өкүлдөрү “Дүйнөлүк автомобиль өнөр жайы: Россия/КМШ аймактарындагы жана дүйнөдөгү жагдай жана тренддер” тегерек столунун катышуучулары менен Евразия экономикалык биримдигинде автомобиль өнөр жайын өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты. Иш чара Автомобиль өндүрүүчүлөрүнүн эл аралык уюмунун (OICA) генералдык ассамблеясынын кезектеги сессиясынын алкагында өттү.​